STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 107 (Lame excuses)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

107. Шылтоолор


Дамир – китепкөй бала. Ал Марк Твендин, Клайв Льюистин жана башка жазуучулардын китептерин дайыма окуп жүрөт. Бир гана китеп ага негедир кызыксыз.

Дамир: «Библия мен үчүн эмес».

Кыз: «Эмне үчүн?»

Дамир: «Түшүнүксүз нерселер көп».

Кыз: «Болбогон шылтоо. Сен жөн эле жалкоолонуп атасың. Сен ал жактан көп эле нерсе түшүнмөксүң, муну мен билип турам».

Дамир: «Мисалы эмнени?»

Кыз: «Мисалы, уурдаба дегенди».

Ой! Сөздөн жеңилип калган Дамир кызарып-татарып, нары басып кетти.

Силерчи балдар, Библия – бул китептердин китеби экенин уктуңар беле?

Дамир: «Библия - басма станогу ойлоп чыгарылганда, биринчи жолу басылган китеп».

Кыз: «Библия 1600дөн ашык тилге которулган».

Дамир: «Эң кичинекей Библия Англияда басылып чыккан. Ал ширеңкенин кутусундай көлөмдө».

Кыз: «Эң чоң Библия жыгачтан жасалган. Салмагы 10 миң киллограмм».

Дамир: «Библия – эң эле сүйүктүү китеп, бирок Аны көптөр жаман көрөт».

Кыз: «Библиянын автору – Кудай Өзү, Анын сөздөрүн 40ка чамалуу адам жазган».

Дамир: «Библияны окуп, Кудайдын Сөзүнө ишенген адам, жаңы адам болот. Адамды Библия өзгөрткөндөй бир да китеп өзгөртө албайт».

Кыз: «Библияда 3 млн го чамалуу тамга бар. Күнүнө 4 бөлүмдөн окуса, бир жылда толук окуп бүтүүгө болот».

Дамир: «Англияда бир адам Библияны 100 жолу окуп чыккан!»

Бир жолу бир адам досунукуна конокко барып, ок тешкен жыртык Библияны көрөт. Бул ага адепсиздиктей көрүндү. Библияны да ушундай кылабы? Ал нааразы болду. Аны байкаган досу мындай деди:

Адам: «Ушул ок тешкен Библияны аябай жакшы көрөм. Ал менин өмүрүмдү сактап калган. Согушта болгом. Окоптон окопко боортоктоп жүрчүбүз. Капыстан көкүрөгүмө катуу сокку болуп, дароо катуу ооруну сездим. Душман мага мээлеп туруп ок аткан экен. Төш чөнтөгүмө дайыма кичинекей Библиямды салып жүрчүмүн. Ок Библияны тешип өтүп, мени жарадар кылды. Бирок жараат анча оор болгон жок. Библия болбогондо ок так жүрөгүмө кадалмак экен!
Мына ошентип Библия өмүрүмдү сактап калган. Бир эмес, эки жолу. Биринчи жолу мен Андан Ыйса гана күнөөлөрүмөн куткарарын окуганымда сактап калган. Экинчи жолу Ал мени ажалдуу октон сактап калды!»

Мен Библияны күн сайын окуйм. Силерчи, балдар? Эгерде силерге Библия керек болсо, катка жазып ийгиле. Библияда мындай деп жазылган: «Сенин Сөзүң – бутума шам, жолума жарык» (Забур 118:105).

Адашпай, Кудайдын жолун табышыңар үчүн, шам силерге жарык кылып турат.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Дамир, кыз, киши

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 11:06 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)