Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 164 (The lost sheep 2)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

164. Адашкан козу 2


Рут ачуулана чуркап баратты. Маргарита эженин сөзү артынан ээрчип бараткансыйт: «Сени интернатка жиберем!»

Күн батканда кыз үйдөн аябай эле алыстап кетти. Ал кайда түнөшүн ойлонуп атты. Мүрзөнүн артындагы сыйынуу үйүнө барсачы?

Ал мүрзөлөрдүн жанынан өтүп баратып, кичинекей ак айкаш жыгачтын жанына токтоп калды.

Рут: «"Жоанна Коллинз, 9 жаш. Ыйсага кетти". А эгер бүгүн мен өлүп калсам, мен да Ыйсага кетет белем?»

Терең ойго баткан Рут акырын сыйынуу үйүнө кирди. (эшик кыйчылдайт)

Орундукка жатты да, уктап калды.

Эртеси күнү сыйынуу үйүнө келген пастор Рутту көрдү.

Пастор: «Кутман таң. Кандайча бул жерге келип калдың?»

Рут пасторго ишенип, өзүнүн качып кеткенин айтып берди.

Бир аз убакыттан кийин ал анын үйүндө тамактанды. Пастордун аялы Робинжер айым Маргарит эжеге телефон чалды. Рут бөлмөнү айланта карап отурган. Бир сүрөт анын көңүлүн өзүнө өзгөчө бурду.

Пастор: «Бул сүрөт сага жагабы? Бул – Ыйса, жакшы Кайтаруучу. Ал адашкан козуну куткарып калайын деп, колун сунуп турат. Бул козу сени элестетет десек болот».

Рут: «Ал мени да таап алабы? Мен да Жоанна Коллинз сыяктуу асманга барамбы?»

Пастор: «Ооба. Ыйсага Анын баласы болгуң келерин айтууң гана керек. Бул сүрөттү мен сага берем. Азыр болсо үйүңө барышың керек. Маргарит эжең сага сарсанаа болуп атат».

Келаткан жолдо Рут сүрөттү чөнтөгүнөн алып, алсыз козуга сунулган колду карады. Бир убакта ал сыйынды.

Рут: «Ыйса Теңир, мен тил укпаган козумун. Менин бардык күнөөмдү кечир. Мен Сеники болгум келет, анан бир күнү асманга – Сага баргым келет. Оомийин».

Ыйса мындай сыйынууларга дароо жооп берет. Рут Ага бул үчүн ыраазы болуп, кубангандан так секирип оюн салды.

Маргарит эже аны босогодо күтүп турган. Алар кучакташып калышты.

Рут: «Маргарит эже, мени бардыгы үчүн кечириңиз. Кечирип коюңузчу! Мени интернатка бербеңизчи. Мындан ары жакшы кыз болгонго аракет кылам».

Маргарит эже: «Мен сени жакшы көрөм. Дагы көрүп көрөлү».

Рут болгон күчү менен аракет кылды. Библия аркылуу анын жүрөгүнө сүйлөгөндө, Жакшы Кайтаруучунун үнүн угуп, тил алчу. Качан болсо өзүнүкүн бербеген текебер «менинин» үнүн укпай калды.

Рут чындап эле өзгөрдү. Канча бир убакыт баары жакшы болду. Бирок бир жолу…

Эмки берүүбүздү өткөрүп ийбегиле балдар, бул кызыктуу окуянын уландысын эмкиде айтып берем.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Рут, пастор, Маргарит эже

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 08:31 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)