Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 082 (The special submarine 2)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

82. Суу астындагы өзгөчө кайык 2


Бала: «Аябай кызык болуп атат, Жунус эмне болду экен?»

Кыз: «Эгерде ал акылдуу болсо, Кудайдын тилин угуп, Андан качууга аракет кылмак эмес».

Бала: «Кийимдери да суу болбойт эле!»

Кудай адамдарды куткаргысы келет, ошондуктан Жунус Нинебиге барышы керек болчу.

Жунустун саякаты ушуну менен бүткөндөй болгон. Кудай болбосо, ушуну менен эле бүтмөк. Бирок Кудай адамдарды куткаргысы келет! Жунусту дагы. Ошондуктан Кудай ага “суу астында жүрүүчү өзгөчө кайыкты” жиберди. Килтейген балык эрксизден деңизге ыргытылган пайгамбарга сүзүп барды да, аны жутуп алды.

Жунус балыктын карынында үч күн, үч түн болду. Деңиз ириминде ал Кудайдан кача алган жок. Ага жалооруп, куткар деп жалбарды.

Жунус: «Теңир, Сенин эркиң боюнча мени деңизге ыргытышты. Туш тарабыман толкун курчады. Өлөм го дедим эле. Бирок Сен мени куткардың. Ыраазымын Сага! Мага буйругандарыңдын баарын кылам деп убадамды берем!»

Кудай бардык адамдарды угат. Сен кайгырып, көңүлүң чөгүп турганыңда, сени да угат.

Кудай Жунустун сыйынуусун укту да, балыкка жээкке сүзүп барып, аш болумсуз «жашоочуну» бүркүп салууну буюрду.

Кудай адамдарды куткаргысы келет, ошондуктан Ал Жунуска кайрадан буюрду.

Кудай айтты: «Жунус, Жунус, чоң шаар Нинебиге бар да, аларга насаат айт, Мен сага эмнени айтсам, аларга ошону айт!»

Жунус Нинебиге жөнөдү. (уу-дуу болгон шаардын көчөсүнүн, адамдардын кадамдарынын үнү)

Жунус: «Уккула! Мени силерге Кудай жиберди! 40 күндөн кийин шаарыңар үйүлгөн ташка айланып калат. Күнөөңөр үчүн силерди Кудай ушундай жазалайт. Анткени силер жалганчы, нике бузуучу, алдамчы, киши өлтүрүүчү жана уурусуңар. А Кудай баарын көрүп турат!»

Адамдар Жунусту үрөйү учуп коркуп угушту. Аларга Жунустун насаат сөздөрү таасирдүү болду.

Аял: «Ал туура айтып атат. Биз Кудай алдында күнөөгө баттык. Эми эмне кылабыз?»

Падышанын жарчысы: «Падышанын буйругун уккула! Эч ким ичпесин да, жебесин. Баары күнөөлөрүн мойнуна алып, Кудайга кайрылышсын. Мүмкүн Ал бизди угар. Адилетсиздикти токтотолу да, жаңы жашоо баштайлы».

Элестеткиле! Шаардын 120 миң тургуну, чоң-кичине дебей, Кудайга кайрылышты. Кудайсыз жашоолору үчүн өкүнүп, тобо кылышты.

Күндөр өтүп жатты: 38, 39, 40. Кудай аларды жазалаган жок. Ал алардын күнөөлөрүн мойнуна алып сыйынганын угуп, кечирди. Бул эң сонун эмеспи? Адамдар Кудайга кайрылып, куткарылышты.

Оо бул биздин шаарда, биздин айылда болгон болсо эмне! Кудай адамдарды куткаргысы келет. Балдар, силерди жана башка көптөгөн адамдарды!


Катышуучулар: Айтып берүүчү, эки бала, Жунус, Кудай, аял, падышанын жарчысы

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 09:10 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)