Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 081 (Man over board 1)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

81. Кеменин бортундагы адам 1


Балдар, келгиле, шаардын атактуу кооз жайларын карап чыгабыз!

Бала: «Эмне деген чеп! Мунараларды көргүм келип атат».

Кыз: «А мен китепканага баргым келет. Мен ал жакта бир нече саат деле отура берем».

Бала: «Падыша ордосу! Ой укмуш! Кандай зор!»

Кыз: «А мен зоопаркка барам».

Бала: «Туугандарың менен учурашканыбы?» (каткырыктар)

Көп жыл мурун Кудай бул шаарды караган. Бирок Анын көңүлү шаардын сырткы жаркыраган көрүнүшүнө бурулган эмес, Ал ошол жаркыраган көрүнүштүн артында эмне катылганын көрүп турду: жек көрүү жана касташуу, чыккынчылык жана киши өлтүрүү. Бул шаарда адамдар Кудай жоктой жашашчу. Алар дайыма Кудайдын мыйзамдарын бузушчу. Өздөрүнүн Жаратуучусун унутуп коюшкан. Мындан жаман нерсе болушу мүмкүнбү...

Ал эми сенин жашооңду караганда Кудай эмнени көрөт?

Кудай адамды күнөөсү үчүн жазалайт. Анткени Кудай ыйык. Бирок ошол эле учурда Ал адамдарды сүйөт жана куткаргысы келет. Ошондуктан Ал адамдарга эскерткиси келген.

Кудай айтты: «Жунус, белгилүү шаар – Нинебиге бар. Ал жактагы элге насаат айтып, аларды күнөөлөрү үчүн жазалай тургандыгымды айт. Анткени бул эл Мени унутуп койду».

Жунус жөнөдү, бирок… Нинебиге эмес.

(Энтигип, оор дем алып, чуркап бараткан адамдын үнү)

Жунус: «Нинебигеби? Эч качан барбайм! Менин элимдин душмандарына барамбы? Акыл-эсим жайында эле. Өлсө өлө беришсин. Ошону көрүшмөк! О, мына, портто кеме токтоп турат. Мени алыс-алыс алып кетишсин, аларга жакшы төлөп берем!»

Кудайдан качуу кымбатка турат! Жунус кеменин жүк жүктөлгөн бөлүгүнө кирип, челек, үкөктөрдүн арасына жатып, уктап калды. Тырп этерге дарманы жок эле. Кудайдан да адам кача алабы? Кайда гана качпасын, Кудай бардык жерди көрүп турат. Кудай Жунусту көрүп турган.

Ал ортодо деңизде үрөй учурган бороон башталды. Кеменин жүргүнчүлөрү кудайларына жалбарышты. Алар куткара ала турган, тирүү Кудайды билишчү эмес. Кемени жеңилдетиш үчүн, жүктөрүн ыргыта башташты. Капитан Жунусту ойготту.

Капитан: «Эй, тур! Өзүңдүн Кудайыңа сыйын, мүмкүн бизди Ал куткарар».

Жунус ыргып турду. Ага баары айкын болду.

Моряк: «А сен кимсиң? Каяктансың? Эмне иш кыласың?»

Жунус: «Мен Жунусмун. Мен асман менен жерди жараткан Кудайга табынам. Бороон менин күнөөм үчүн болду. Мен Кудайдын тилин албай койгом».

Моряк: «Эми биз эмне кылышыбыз керек?»

Жунус: «Мени деңизге ыргыткыла, ошондо бороон басылат, Кудай силерди аман калтырат».

Кыйылып бир аз турушту да, Жунусту кемеден ыргытышты. (суунун чалп эткен үнү)

Жунустун окуясы ушуну менен бүттүбү? Жок! Анын кызыктуу окуялары эми гана башталды.

Жунус тууралуу баянды эмки берүүбүздө улантабыз.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, бала, кыз, Кудай, Жунус, капитан, моряк

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 09:06 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)