Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 080 (A bill for Mom)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

80. Апага дүмүрчөк


Айгүл көрнөк текчени суктануу менен карады. Ал жерде анын кыялындагы оюнчук турган.

Айгүл: «Акча керек. Чоңдорго кандай жакшы. Эмне кааласа, сатып алышса болот. Аа баса… кандай сонун ой!»

Айгүл үйүнө шашты. Тамактанды да, бөлмөсүнө кирип, кагаз, калем алып, жаза баштады.

Айгүл: «Анядан эсеп кагазы (Эскертүү: мен бул жерде малай (үй кызматчы) эмесмин!)

Айнек идишти контейнерге жеткирдим $ 2,50

Жуунчу жайды тазаладым $ 4,-

Ар күнү кечинде дасторкондун үстүн жыйнадым $ 8,-

Бөлмөнү жыйнадым (оор жумуш!) $13,50

Идиш жуугучтан идиштерди алып, ордуна койдум $ 5,-

Таштандыны чыгардым (укмуш сасык экен!) $ 8,-

Ушунун баарынын жыйындысы мынча болот: $ 41,-

Тезирээк төлөшүңүздөрдү суранам!

Сиздин эмгекчил Айгүлүңүз»

Өзү жазган эсеп кагазды акырын келип, ашканадагы столдун үстүнө коюп койду. Кечки тамактын алдында, табагынын жанында конверт туруптур. Аны алып, кечирээк, өз бөлмөсүнөн ачты.

Айгүл: «Кандай кызык (конверттин ачылганынын жана андан жерге түшкөн акчанын үнү) Туура 41 доллар! Мен эч качан мындай бай болгон эмесмин. Аа, бул жерде кат да бар экен:

Кымбаттуу Айгүл!

Мына, сенин акың. Сен чын эле эмгекчил кызсың. Убактың болгондо, мен жазган эсеп кагазды да окуп кой.

10 жыл бою кириңди жуудум бекер

10 жыл бою сага тамак жасадым бекер

Сен ооруганда карадым бекер

Сени менен ойночумун бекер

Сени дайыма кунт коюп укчумун бекер

Бул тизмени улантпай эле коёюн. Мунун баарын сен үчүн кубанып кылчумун, менин кымбаттуу кызым, анткени мен сени аябай жакшы көрөм. Апаң».

Айгүл уялып кетти. Ал апасына чуркап барып, кучактап калды.

Айгүл: «Апа, мен мындан ары эч качан эсеп кагаз жазбайм. Меңиз, акчаны кайра алыңыз. Мен сизди жакшы көрөм!»

Адамдарга жардам берип, биз аларга кубаныч тартуулайбыз. Берген жакшы! Жакында энелер күнү!

Силерчи балдар, адамдарга кубаныч тартуулагыңар келеби? Ар бириңердин апаңарга күтүүсүз белек тартуулашыңарды каалайм.

Эсиңерде болсун: силер башкаларга тартуулаган кубаныч, дайыма кайра силерге кайтат. Апалар майрамында эле эмес.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Айгүл

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 08:56 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)