Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 083 (Daniel‘s test 1)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

83. Даниел үчүн сынак 1


Улуу падыша Небухаданасар Иерусалимге келип, аны каратып алды. Жүйүттөр аргасыз абалга туш болушту.

Жардам бере албай турган башка кудайларга табынганы үчүн, Кудай Небухаданасарга Жүйүт падышасы Жайакимди туткундап алууга жол берди. Душмандар шаар казынасын, атүгүл Кудайдын ийбадатканасын да тоноп алышты.

Небухаданасар падыша: «Ашпеназ, Ысрайылдын жаш жигиттери мага кызмат кылышын каалайм. Эң күчтүү, акылдуу, жаш, келишимдүү жигиттерди тандап, бөлүп алгыла».

Туткундар 1000 километрден ашык жолду жөө басып өтүштү. Арасында достору менен Даниел да бар эле.

Акыры Бабыл шаарына да жетишти. Падыша ордосунда аларды эмне күтүп атты экен? Аларга ар бир буйрукту аткарууга туура келет. Алардын эч кандай укугу болбойт. Бирок Даниел достору менен, кандай болгон күндө да, Кудайга ишенимдүү бойдон калууну бекем чечип алышты.

Силерчи, балдар, силер да ушундай чечтиңер беле? Мектепте, үйдө дайыма Ага ишенимдүүсүңөрбү? Досторуңар менен мамилеңерде, футбол ойногондо? Кудай биздин Ага ишенимдүү болушубузга татыктуу!

Көп өтпөй Даниел достору менен биринчи сыноого туш келишти. Падыша туткундарга 3 жылдын ичинде бабыл тилин жана башка илимдерди үйрөтүүнү буйруду. Алар падышанын дасторконунан тамактануулары керек эле.

Даниел: «Ханания, биз бул тамакты жебешибиз керек, анткени биз Кудай тыюу салган тамактарды жеп, Анын мыйзамын буза албайбыз».

Ханания: «А биз башка жактан азык таба алабыз деп ойлойсуңбу?»

Даниел: «Кечиресиз, биз падыша дасторконунан тамактана албайбыз».

Ашпеназ: «Падыша силердин бул азыктар менен тамактанышыңарды буйрук кылган. Эгерде мен силердин айтканыңарга көнүп, тим койсом, силер өңдөн азып, башкалардан начар көрүнсөңөр, падыша менин башымды алат!»

Даниел: «Өтүнөм, 10 күн жалаң гана жашылча жеп, суу гана ичкенге уруксат бериңиз. Анан бизди башкалар менен салыштырып көрүңүз да, ушундай уланта берсек болот бекен, чечиңиз».

Башкаруучу макул болду. Мунун акыры кандай болгону Библияда жазылган:

«Он күн өткөндөн кийин алар падыша дасторконунан тамактанган бардык өспүрүмдөргө караганда келишимдүү, келбеттүү болуп калышты». Ошондон кийин башкаруучу аларга жашылча гана жеп, суу ичкенге уруксат берди.

Даниел кайраттуу болчу. Ал Кудайга ишенимдүү бойдон калды да, бул үчүн сыйлыгын алды. Үч жылдан кийин падыша туткундарды текшергенде, Даниел менен досторуна тең келген эч ким болгон жок!

Небухаданасар: «Бул жаш жигиттер менин падышалыгымдагы бардык башка окутуучулардан он эсе акылдуу. Алар мага кызмат кылышсын».

Бирок бат эле алар коркунучтуу абалда калышты.

Ал тууралуу, балдар, мен кийинки берүүбүздө айтып берем.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Небухаданасар, Даниел, Ханания, Ашпеназ

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 09:13 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)