Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 072 (Sensation on the sea)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

72. Көлдөгү сенсация


Галилея деңизинде мурда болуп көрбөгөн окуя болду!

Петир: «Ыйсага таң калып бүтпөй сонуркайм. Көргөн көзүмө ишенбей кетем: болгону беш нан, эки балык менен 5000 адамды тойгузду. Болгондо да бул аялдар менен балдарды кошпогондо».

Шакирт: «Дагы канчасы ашып калды, көрдүңбү? Башындагыдан көп!»

Петир: «Керемет деп ушуну айт! Ал аз нерседен көптү кыла алат!»

Ыйса, Кудайдын Уулу теңдешсиз! Ал аз нерседен көптү кыла алат!

Бул керемет көптөргө терең таасир калтырды. Кечинде эл үй-үйлөрүнө тарады. Ыйса шакирттерине кайрылды.

Ыйса: «Кайыкка отуруп, тиги жээкке сүзүп өткүлө».

Ыйса Өзү кайыкка отурган жок, сыйынуу үчүн тоого кетти.

Шакирттери түнү өздөрү сүзүп кетип баратышты. Капысынан бороон башталды. Балыкчылар парусту түшүрүштү. Мына, биринчи толкун келип кайыктын капталына урду. Ыйса жаныбызда болсо эмне деп ойлошту шакирттер. Коркконунан кыйкырып жатышты. Абал оорлошо берди.

Петир: «Карагылачы! Көрдүңөрбү? Элес!»

Шакирт: «Аргам калга жок!»

Ак сөлөкөт суунун үстү менен басып, кайыкты көздөй келатты. Шакирттер ого бетер катуу кыйкырып жиберишти. Көрсө бул элес эмес экен.

Ыйса: «Кайраттангыла, бул Менмин! Коркпогула!»

Шакирттер Ыйсаны үнүнөн таанышты. Ыйса менен сүйлөшкөнгө биринчи болуп Петир батынды.

Петир: «Ыйса Теңир, эгер чын эле Сен болсоң, мага суу үстү менен Сага барууну буйручу».

Ыйса: «Кел!»

Петир кайыктын кырын аттады эле… керемет! Ал Ыйсага суунун үстү менен басып баратты. Ыйсаны карап баратканда баары жакшы болчу, бир маалда толкундарды карай калды эле, ошол замат чөгө баштады.

Петир: «Теңир, мени куткар! Жардам кыл!»

Ыйса колун сунуп, Петирди суудан алып чыкты. Ал Өзүнүн шакиртин куткарды. Ыйса, Кудайдын Уулу теңдешсиз! Ал куткарат!

Ыйса: «Мага ишен. Бүт жүрөгүңдү Мага бер!»

Петир Ыйса менен бирге кайыкка түштү. Бороон тынчтанып, шамал басылды. Баары Ыйсанын алдына тизе бүгүп, Ага – кереметтүү Теңирге таазим кылышты.

Петир: «Сен – Кудайдын Уулусуң!»

Ыйса – теңдешсиз Кудай Уулу! Ал үчүн мүмкүн болбогон эч нерсе жок!

Ал бизден суу үстү менен басууну талап кылбайт. Бирок кайда гана жүрбөйлү, Ыйса менен жүрүшүбүз керек. Ошондо Ал бизди бардык кырдаалда багыттап, жардам берет.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Петир, шакирт, Ыйса

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 03:08 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)