Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 071 (The cast-your-cares hint)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

71. Түйшүктөн арылууга кеңеш


Түйшүк, көйгөй деген нерселер жок болсо, кандай жакшы болот эле!

Кыз: «Дүйнөдө согуш болбой эле койсо».

Бала: «Авариялар, рак оорусу жок болсо…»

Кыз: «Ата-энелер ажырашпаса…»

Бала: «Балдар ачка болушпаса деп да каалайм».

Эгер баары ушундай болсо, кандай сонун болмок!

Кээде мен ушул жөнүндө кыялданам. Силер да кыялданасыңарбы, балдар? Тилекке каршы, бул дүйнөдө мындай кыялдар эч качан ишке ашпайт.

Бирок силерге жакшы кабар айтайын: силерди эч качан азапка таштабаган Бирөө бар. Ал - Ыйса! Мен аны кайдан билем дейсиңерби? Петирден.

Библияда Петирдин каттары бар, алардын биринде мындай деп айтылат: «Бардык түйшүктөрүңөрдү Ага тапшыргыла, анткени Ал силер үчүн кам көрөт».

Петир үчүн бул жөн эле сөздөр эмес эле. Ал муну өз башынан кечирген. Бир жолу анын кайын энеси катуу ооруп, төшөккө жатып калат. Ага эч бир дары жардам бербей калган. Петир менен аялынын көңүлү чөктү.

Ыйса алардын үйүнө конокко келгенде, алар Ага бул көйгөйдү айтып беришкен.

Петир: «Ыйса, бизге жардам кыл! Кайын энем катуу ооруп жатат, биз аябай кабатыр болуудабыз».

Ыйса биздин бардык коркунучтарыбызды: чоңун да, кичинесин да билет. Ал бизди түшүнөт жана жардам бергиси келет.

Библияда Ыйса оорулуунун жанына келип, колунан алып, тургузганы жазылат. Ошол замат анын ысытмасы айыгып, өзүн эң жакшы сезип калат. Кубанган ал баарына даамдуу тамак жасап берген.

Силерде да түйшүктөр барбы, балдар? Алар жөнүндө Ыйса менен сүйлөшкүлө. Ал силердин сыйынууңарды угат. Мүмкүн Петирге жардам бергендей дароо жардам бербестир. Бирок, ишенип койгула – Ыйса эч качан кечикпейт, атургай Анын жообун көпкө күтүүгө туура келсе да.

Петирдин жакшы кеңешин эсиңерден чыгарбагыла.

Петир: «Бардык түйшүктөрүңөрдү Ага тапшыргыла, анткени Ал силер үчүн кам көрөт».


Катышуучулар: Айтып берүүчү, кыз, бала, Петир

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on January 22, 2019, at 02:37 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)