Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 044 (The witch doctor rants 3)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

44. Сыйкырчынын каары 3


Тифам: «Апа, жаан жаай баштады».

Апасы: «Сонун болбодубу, Тифам, чаңды жууп кетет».

Тифам: «Викторду көрө элекпиз. Ал өлүп калдыбы?»

Мама: «Андай деп ойлобойм».

Тифам: «Ал дайыма Ыйса менен сүйлөшкөндүгү үчүн, кара күчтөр аны өлтүрүшөт деп айтпады беле атам».

Апасы: «Виктордун Кудайы күчтүү деп ойлойм. Ой, бутум…»

Апасы тайып кетип, бутун чыгарып алды. Үйүнө жетүү кыйын болду. Жаан төгүп атты. Алар миссионердин үйүнө келип, эшигин такылдатышты. Эшикти ким ачканын тапкылачы? Виктор! Ал тирүү экен.

Виктор: «Киргиле! Отко жылынгыла».

Апасынын бутун дарылап атышканда Тифам көзүн алаңдатып, мындай деди:

Тифам: «Сен өлөсүң! Атам сени өлсүн деп каргаган. Коркуп атам! Бизге бул жерде турганга болбойт».

Виктор: «Эч нерседен коркпош керек. Мага каргыш таасир бербейт. Анткени менин Теңирим – Ыйса, Ал мени коргойт».

Апа: «Виктор, базардан сенин сөзүңдү угуп, ишенгем. Ошондон бери жүрөгүм тынч, бейкапармын».

Виктор менен сүйлөшкөндөн кийин апасы биротоло тынч алды. Тифам болсо дагы эле атасынан коркуп атты. Ал бул тууралуу билип калсачы… Алар аябай чарчап үйгө жетишти. Аба ырайы начарлай берди. Жамгыр тыным албай төгүп жатты. Дарыянын суусу ташып, көчөлөрдү каптады, бир нече күн эч ким үйдөн чыккан жок. (эшиктин тыкылдаганы)

Тифам: «Бул ким?» (эшиктин ачылганынын үнү)

Орестил: «Виктор, сага эмне керек?»

Виктор: «Азыр жер көчкү жүрөт. Катуу жаандан чоң аскалар кулады. Үйдөн чыгып кетпесеңер, жер көчкү басып калат».

Орестил: «Сандырак! Биз үйдө эле калабыз. Бизди кара күчтөр сакташат!»

Виктор: «Кара күчтөр силерге жардам бере албайт. Тирүү Кудай гана жардам бере алат, эгерде Ага ишенгиңер келсе».

Орестил: «Муну уккум келбейт. Жогол! Жогол бул жерден!»

Кетердин алдында Виктор Тифамдын апасынын көңүлүн көтөрдү.

Виктор: «Сиз коркпоңуз! Кудай сиз менен».

Виктор чыгып кетер менен Орестил жаалданган боюнча эң чоң бычакты алды да, артынан атып чыкты.

Тифам: «Ата, токтоңуз! Ата, кереги жок!»

Уландысы – кийинки берүүбүздө.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Тифам, апасы, Виктор, Орестил

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 10:44 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)