Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 043 (Good news 2)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

43. Жакшы кабар 2


Базарга бараткан жол аларды чаалыктырды. Тифам апасы экөө картошка салынган оор себеттерди баштарына көтөрүп баратышты. Апасы картошканы жакшы баада сатып, кызына жаңы көйнөк сатып берем деп үмүттөнүп аткан. Тифамдын эскилиги жетип жыртылган бир эле көйнөгү бар болчу. Анын ата-энеси аябай жарды эле. Атасы дайыма эң жакшысын кара күчтөргө курмандык кылчу, бирок эч качан жаны тынч ала алчу эмес. Тифам капысынан курбусу Мэрини эстей койду. Ал эми машайакчы, мындан ары тумар тагынбайт.

Акыры алар кым-кууттук өкүм сүргөн базарга да жетишти.

Сатуучу: «Жаңы үзүлгөн жашылчалар! Эң мыкты төө буурчак!»

Сатуучу: «Жаңы жүгөрү!»

Сатуучу: «Баары арзан! Баарын арзан сатабыз!»

Тифамдын апасы себетти жерге койгондо бир сатуучу анын товарына үтүрөйө карады.

Сатуучу: «Мына сага! Курт! Картошканын баары курт экен!»

Аялдын көңүлү катуу чөктү, картошкасы биртке эле акча болду. А Тифам менен бир керемет болду. Бир ак ниет адам анын бүт картошкасын сатып алды. Курбусу машайакчы болуп калышына себепкер болгон Виктор ушул адам экенин Тифам билген жок. Тифамдын акчасы өзүнө кооз көйнөк сатып алганга жетмек. Ал аябай сүйүнүп атты.

Көп өтпөй ал Викторду дагы жолуктурду.

Тифам: «Апа, карасаңыз, мына менден картошка алган адам. Колундагы эмне китеп?»

Апасы экөө Виктор элге эмне жөнүндө айтып берип жатканын угуп, туруп калышты.

Виктор: «Менин силерге жакшы кабарым бар. Кудай силерди сүйөт, дайыма коркуп жашабашыңар үчүн, силерге тынчтык бергиси келе».

Тифамдын апасы: «Тифам, ал чындыкты айтып жатат, мен ишенем».

Орестил сыйкырчы аялы Виктордун сөзүн укканын билгенде, ачууланып кыйкырды.

Орестил: «Виктордун сөзүнө кирип атасыңар. Ишенбегиле ага! Кара күчтөр силерден өч алат!»

Тифамдын апасы: «Орестил, менин жүрөгүм тынч. Виктордун Кудайы бардык кара күчтөрдөн күчтүү».

Орестил Тифамдын жаңы көйнөгүн алды да, андан чүпүрөк куурчак жасап, аны көп ийне менен сайды.

Орестил: «Бул Виктор. Ал өлүшү керек. Бул ийнелер аны өлтүрөт».

Тифамдын үрөйү учту. Атасы мурда эч качан мындай кылган эмес. Кимиси күчтүү болор экен? Сыйкырчынын дубасыбы же Ыйсабы?

Аны кийинки берүүбүздө биле аласыңар.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Тифам, Тифамдын апасы, сатуучу, Виктор, Орестил

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 10:40 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)