Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 042 (TiFam, daughter of the witch doctor 1)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

42. Тифам – сыйкырчынын кызы 1


Гаити тоолорунан күн кылайып чыгып келатты. Тифам ата-энеси менен чакан алачыкта жашачу. Алар жарды турушчу жана дайыма кара күчтөрдөн коркушчу. Аларды сүйүп, «Коркпогула, анткени Мен силер мененмин!» деген чыныгы Кудай тууралуу билишчү эмес. Тифамдын атасы Орестил аттуу сыйкырчы дайыма эрте турчу. Апасы үй иштерин кылып, талаада да иштечү. Тифамга көп учурда апасына жардам бергенге туура келер эле.

Апасы: «Тифам, бүгүн картошка казабыз, эртең базарга алып барганга. Барагой, банандын жалбырактарынан кыркчы, себеттин түбүнө төшөйүн».

Тифам: «Макул. Анан сиз убада кылган жаңы көйнөгүмдү кийсем болобу?»

Апасы: «Ии, көрөбүз».

Тифам чоң бычак алып, банан талаасына жөнөдү. Бир курбусу аны көрүп, алдынан чуркап чыкты.

Мэри: «Тифам! Тифам!»

Тифам: «Мэри, эртең мен сөздөр жазылган жаңы көйнөк кием!»

Мэри: «Сөздөр? Бирок сен окуй албайсың да. А мен сөзсүз окуганды үйрөнөм деп чечтим. Ошондо бир нерсе сатып алам».

Тифам: «Менин атаман дуба окулган тумар сатып аласың да, ээ?»

Мэри: «Жок, мен мындан ары тумар тагынбайм. Биз машайакчылар болуп калдык. Мен Библия сатып алам».

Тифам: «Акылың ордундабы, Мэри! Сен кара күчтөрдүн жинине тийип аласың, анан ооруп каласың!»

Мэри: «Тифам, мен мындан кийин алардан коркпойм. Ыйса кара күчтөрдөн күчтүү. Ал: «Коркпогула, анткени Мен силер мененмин» деген. Бул тууралуу бизге Библиядан Виктор айтып берди».

Тифам: «Мунун баары калп! Калп!»

Тифам тумарын бекем кармап алып, үйүн көздөй жүгүрдү.

Тифам: «Апа, Мэри мындан ары тумар тагынбайт экен, анткени машайакчы болуп калыптыр!»

Машайакчылар өмүрлөрүн Ыйсага арнашкан, ошондуктан алар дубаларды, тумарлардын, төлгөлөрдү, колдонушпайт, гороскопко, ырым-жырымга ишенишпейт. Кудай Өзүнүн Сөзүндө булардын бардыгына тыюу салат.

А сен ошолорго ишенесиңби же Ыйсага үмүт артасыңбы? Ал сага да: «Коркпо, анткени Мен сени мененмин» – дейт.

Тифам Ыйсага сыйынууга болорун билчү эмес. Ал дайыма коркунучта жашачу.

Орестил сыйкырчы Мэри ата-энеси менен машайакчы болуп калышканын укканда, өңү бузулду да…

Миссионерлер тууралуу бул болгон окуяда андан ары эмне болгонун силер кийинки берүүбүздөн биле аласыңар.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Тифам, апасы, Мэри

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on November 06, 2020, at 11:24 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)