STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 045 (The catastrophe 4)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

45. Кыйроо 4


Гаитинин үстүндө бороон албууттанып жатты. Бул жакыр өлкөдө көп учурда коркунучтуу бороондор түшүмдү талкалап кетет. Орестил сыйкырчы мунарыкта энтигип тоого чыкты. Чагылган жарк эткенинде аскада турган Викторду көрүп калды.

Орестил: «Өлтүрөм аны. Баарына ушул күнөөлүү, кечке эле Ыйса жөнүндө айта берип, жинденген кара күчтөр бизге бороон жиберип атат. Аны өлтүрөм, баары ал аскадан кулады деп ойлоп калышат».

Өлтүрүүнү ойлоп, тоого чыгып баратты. Бир маалда чоң аңга түшүп кетип, бутун кокустатып алды. Андан ары жыла алмак эмес.

Орестил: «Жардамга! Жардамга!»

Виктор күндүн күркүрөгөнүнүн арасынан кимдир бирөө жардам сурап жатканын укту. Сыйкырчы эмне үчүн анын артынан түшкөнүн ал билген эмес.

Орестил: «Жардам кылчы. Улуу кызыма барайын дегем, ал тоодо жашайт».

Орестил аты чыккан алдамчы эле. Виктор баары бир ага жардам берди. Ал жаралууну абайлап көтөрүп, жаандан коргологонго жаман тамга алып кирди. Капыстан дүңгүрөгөн катуу добуш чыкты. Бул күндүн күркүрөгөнү эмес эле. Добуш басылбай эле, күчөп баратты. Тоо титиреди. Аскадан килейген таштар козголуп, айылга кулап атты. Орестилдин үрөйү учту.

Орестил: «Аялым! Кызым Тифам! Аларга жардам бериш керек!»

Виктор: «Орестил, эмнеге мени укпай койдуң? Сага жер көчкү болот деп эскерттим эле го? Эгерде аялың менен кызың өлсө, өлүмүнө сен күнөөлүү болосуң!»

Виктордун болбогонду болтургандай мээнети менен Орестил үйү турган жерге келди. Алдастап ылайды казып жатып, капыстан токтой калды.

Орестил: «Аялым жансыз! Бир нерсе кыймылдагансыйт. Тифам!»

Кызын таштын алдынан алып чыгып, колуна көтөрдү.

Орестил: «Тифам, менин Тифамым!»

Виктор: «Ыйса Теңир, бизге жардам бер. Азык, дары-дармектер менен миссионерлерди жиберчи!»

Ыйса Виктордун сыйынуусуна жооп берди. Аз убакыттан кийин жардам келди. Тифамды вертолет менен миссионердик ооруканага алып кетишти.

Ал жерде андан ары эмне болгонун кийинки берүүбүздөн билесиңер.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Орестил, Виктор

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 10:47 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)