STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 154 (Jesus the victor 2)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

154. Ыйса жеңүүчү 2


Шайтан карасанатай жана арамза. Балдар, буга олуттуу мамиле жасоо керек. Шайтан жомоктогу каарман эмес. Библияда шайтан кимди жутуп ийсем деп айкырган арстандай жүрөрү айтылат.

Бөбөк: «Мен анын чын эле бар экенин эч качан ойлобоптурмун».

Ал – Кудайдын душманы. Биз Кудайга ишенбешибиз үчүн ал баарын кылат. Кандай ыкма менен ал бизге таасир этери эсиңердеби?

Бөбөк: «Ал шектенүү жана Кудайга ишенбөөчүлүк себет».

Абайлагыла балдар, анын кылтагына түшүп калбагыла. Ыйса Теңирден сакташын сурагыла. Ал шайтанды жеңген.

Кудай Уулу шайтан үчүн эң негизги бута болчу. Ыйса биз үчүн айкаш жыгачта өлүшүнө жол бербөө үчүн, шайтан болгон күчү менен аракет кылды. Ал бизди Кудай менен бириктире турган түбөлүк өмүргө ээ болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткысы келди. Ошондуктан шайтан жаалдана Ыйсага чабуул жасады.

Шайтан: «Эгерде Сен Кудайдын Уулу болсоң, анда бул таштарды нанга айландырчы. Эгер Сен Кудайдын Уулу болсоң бийик мунарадан секирчи, Кудай Сени сактап калсын!»

Ыйса – Жеңүүчү! Ал чын эле Кудайдын Уулу экендигин шайтанга далилдөөнүн Ыйсага кереги жок болчу. Андан кийин душман азгыруунун экинчи ыкмасын колдонду: ал Ыйсага байлыкты жана атак-даңкты берем деп убада кылды.

Шайтан: «Мен Сага бүт дүйнөнү берем, эгерде менин алдыма жыгылып таазим кылсаң».

Ыйса: «Кет жанымдан шайтан! Ыйык Жазууда: «Кудай-Теңириңе табын жана жалгыз Ага гана кызмат кыл», – деп жазылып турат».

Ыйса – Жеңүүчү! Анын бир эле сөзү шайтанды качырат.

Ыйса – Жеңүүчү! Ошондуктан шайтан Аны жек көрөт.

Ыйса айкаш жыгачта кадалып турганда душман өзүнүн акыркы куралын колдонду.

Шайтан: «Эгерде Сен чындап эле Кудайдын Уулу болсоң, анда айкаш жыгачтан түш!»

Эгерде Ыйса айкаш жыгачтан түшүп кетсе, анда биз түбөлүккө өлмөкпүз. Күнөөлөрүбүз кечирилмек эмес жана Кудай менен түбөлүк жашоого ээ боло алмак эмеспиз.

Бирок Ыйса акырына чейин чыдады. Ал Жеңүүчү! Айкаш жыгачта Ал күнөөнү, өлүмдү жана шайтандын өзүн жеңди. Анын тирилүүсү бул тууралуу күбөлөндүрөт.

Эгерде силер Ыйсага ишенсеңер, анда Жеңүүчү тараптасыңар!

Коркпогула, балдар! Ыйса – Жеңүүчү!

Анын атына кайрылып, Аны чакырып турууну эсиңерден чыгарбагыла. Ага сыйынгыла, Ал силерди сактайт.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, бөбөк, шайтан, Ыйса

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 08:00 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)