STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 153 (Does the devil exist 1)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

153. Шайтан барбы 1


Бөбөк: «Менин суроом бар: шайтан чын эле барбы? Ал кайдан чыккан?»

Ооба, шайтан чынында эле бар. Анын тарыхы асмандан башталат.

Бөбөк: «Асмандан?»

Люцифер Кудай жараткан сонун периште болчу.

Ал Эң Жогорку Кудайга табынууга жаратылган эле. Бирок бир күнү ал жүрөгүнө текебер ойлордун киришине жол берди.

Люцифер: «Мен баарынан улук болгум келет. Кудай сыяктуу! Мен бардыгынын үстүнөн падышалык кылгым келет! Мен Кудай болгум келет!»

Ал Эң Жогоркуга табынгысы келген жок, ошондуктан аны Тирүү Кудай асмандан кууп жиберди.

Ошондон бери аны шайтан же азезил деп аташат, ал Кудай менен касташып келет. Ал Кудайдын Өз эли үчүн планы ишке ашпашы үчүн, Анын планын болгон күчү менен бузууга аракет кылат.

Кудай жашашыбызды каалайт, а шайтан өлүмүбүздү каалайт.

Кудай чындыкты сүйөт, шайтан - жалганчы.

Кудай адамдар менен мамилелешкиси келет, а шайтан бизди жок кылгысы келет.

Бөбөк: «Ал Адам ата менен Обо энени жеңүүгө жетишкен экен. Алар азгырыкка берилип кетишиптир».

Мен сага анын кара ниет ыкмаларын айтып берейин: шайтан адамды Кудайдан алыстатыш үчүн, анын жүрөгүнө шектенүү, ишенбестик салат.

Шайтан: «Кудай чын эле бул бактын жемишинен жебегиле дедиби? Ал эң сонунуна тыюу салып койдубу?»

Адам менен Обо алданып калышты. Ошондо дүйнөгө өлүм кирди. Ошондон бери ар бир адам Кудайдан алыс.

Бирок Кудайдын сүйүүсү баарынан жогору, Кудай шайтанды жеңип, баарын кайра оңдоону убада кылган.

Бөбөк: «Ал Ыйсанын келишин алдын ала даана билдирген!»

Ооба, туура айтасың. Ыйса – Жеңүүчү! Анын Атынан эле шайтан титиреп турат.

Ыйса кайсы элден төрөлөрүн шайтан билген, ошондуктан фараонду колдонуп, еврей элин жок кылгысы келген.

Бирок Кудай ага Өзүнүн планын буздурткан жок. Бир жолу түн ичинде Вифлеемде Ыйса төрөлдү.

Балдар, Ыйса – Жеңүүчү! Ал шайтандын ишин талкалоо үчүн келген. Ошондуктан шайтан Аны аябай жек көрөт жана бүт күчү менен Ага каршы күрөшөт.

Кийинки берүүбүздө силерге мына ушул тууралуу айтып берем.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, бөбөк, Люцифер (шайтан)

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 07:57 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)