STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 155 (Hands off 3)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

155. Тарт колуңду 3


Балдар, силер төлгөчү, көзү ачык дегендер кимдер экенин билесиңерби?

Бөбөк: «Булар шайтанга кызмат кылган адамдар, алар алдыда эмне болорун шайтан аркылуу билишет».

Төлгөчүлөрдүн айткандары дайыма эле калп боло бербейт, кээде алар чындыкты айтышат.

Алар байыркы замандан бери бар.

Пабыл өзүнүн досу менен Филипи шаарында калганда, алардын артынан алдыда эмне болорун билдирген таза эмес рухтарга байланган аял ээрчип алган. Ал көчөлөрдө катуу кыйкырып жүргөн.

Төлгөчү: «Бул адамдар – Кудайдын кулдары. Алар силерге кантип куткарылууга болорун айтат!»

Бөбөк: «Бирок ал чындыкты айткан да!»

Ооба. Бирок Пабыл баары бир кооптонгон. Ага төлгөчүнүн жарыялаганы жаккан эмес.

Пабыл: «Ыйса Машайактын атынан, бул аялдан чык!»

Таза эмес рух ошол замат аялдан чыгып кеткен. Ыйса – Жеңүүчү! Шайтан Анын алдында титиреп турат. Биз шайтанды көрбөйбүз. Бирок ал адамдарды Кудайга ишендирбегенге болгон күчүн жумшайт. Ошондуктан адамдарга ишенимдин ордуна ырым-жырымдарды сунуп турат.

Ким Ыйсага жүрөгүн жаап койсо – ал жүрөгүн ырым-жырымга ачып берет.

Ырым-жырым – бул көз мончок, билерик, чынжырчалардагы, автомобилдердин салонундагы тумарлар. Шайтан адамдарга карта менен, же дагы башка нерселер менен төлгө салууну сунуштайт. Шайтан адамдарга буюмдарды колдорун тийгизбей туруп ордуларынан жылдыра алгыдай жөндөмдүүлүк берет.

Бөбөк: «Эгер муну көңүл ачуу үчүн эле кылсачы?»

Максат деген бала бул эч зыяны жок эле кызыкка батуу деп ойлогон. Мектептеги балдар табактын жардамы менен рухтар менен сүйлөшүүгө аракет кылышкан. Ошондон кийин аны түн ичинде коркунуч басып, коркунучтуу түштөр кирчү.

Сыя челек менен жасалган тажрыйбаны билесиңби?

Бир манжаңды сыя челекке жөн эле кызыкка батуу үчүн мал. А бирөөнү болсо – олуттуу түрдө.

Бөбөк: «Ой, эки манжам тең көк болуп калды!»

Мына ошондуктан шайтан сунуш кылган нерселердин бардыгынан колуңду тарт. Кандай ойдо кылганың маанилүү эмес: жөн эле кызыгын көрүү үчүнбү же олуттуу маани берип кылдыңбы, жыйынтыгы бирдей эле болот. Мисалы, Библия окугуң келбей калат, сыйынгың келбей калат.

Бөбөк: «А сиз гороскоп окуйсузбу?»

Жок.

Бөбөк: «Менин апам да окубайт. Ал Кудай тыюу салат деп айткан. Ал биздин Ага гана таянышыбызды каалайт».

Сен Ыйса менен болсоң, сага башка эч нерсенин кереги жок. Ал Жеңүүчү, ал бизди шайтандын кылтагынан куткарат. Ал сени сүйөт, ошондуктан Ал сени сактайт!


Катышуучулар: Айтып берүүчү, бала (кыз), Пабыл, төлгөчү

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 08:03 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)