STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 156 (Esther – star of the East 1)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

156. Эстер – чыгыш жылдызы 1


Кыз: «Силер мени билесиңерби? Менин атым Адаса. Персияда жашайм. Бирок мен бул жактык эмесмин. Ата-энемдин көзү өтүп кеткен, мен аларды эстей да албай калдым. Мени Мордохай деген тууганыбыз багып алган. Ал мага ата катары болуп калды. Биз Шушан деген улуу шаарда жашайбыз. Бул жердегилер мени Эстер дешет. Перс тилинде бул «чыгыш жылдызы» деген маанини билдирет».

Бул акылдуу жана сулуу кыз күндөрдүн бир күнүндө жылдыздай жаркырап чыга келип, атактуу болом деп ойлогон да эмес. Эстер ханыша болду. Анын окуясы Библияда баяндалган.

Күч-кубаттуу Акашбейрош падыша аны тандап алды. Ал падышага башка бардык жаш кыздардан артыкча жаккан эле. Падыша Эстердин башына таажы кийгизип, чоң той өткөргөн.

Ошол күнү бүт падышалык боюнча эч кимден салык алынган эмес. Тескерисинче бардыгына белектерди таратышты.

Эстер так ушул учурда кокусунан эле ханыша болуп калган жок. Акашбейроштун тандоосуна Кудай Өзү жетекчилик кылганына мен бекем ишенем.

Эстер бул иште Падышанын жүрөгүн башкарып турган ааламдын Эгедерине ишенчү.

Эстер эврей кызы экенин падышанын ордосунда эч ким билген эмес. Муну ал жашыруун кармачу. Багып алган атасы ага бул тууралуу эч кимге айтпоону кеңеш кылган. Ал тил алып, бул тууралуу унчукчу эмес.

Мордохай да падышага кызмат кылчу. Бир жолу ал ордодогу эки кызматкер падышага каршы кутум уюштуруп, анын өмүрүнө кол салганы жатышканын билип калат.

Мордохай бул тууралуу Эстерге билдирип, ал дароо падышага билдирген. Кутумдун бети ачылып, күнөөлүүлөр токтоосуз жазаланышкан.

Акашбейрош өзүнүн катчысына бул тууралуу күндөлүк жазуулар китебине отчет жазып кой деди, катчысы тапшырманы аткарды.

Аз убакыттан кийин ордодо бир жаман ойлуу адам пайда болду.

Бул текебер, кекирейген Аман эле. Ал падышага жагынып жүрүп, ага жакын адам болууга жетишкен.

Аман бүткүл Персия империясы боюнча экинчи адам болуп калды.

Бул адам жүрөгүндө шайтандын планын алып жүргөн.

Бул тууралуу кененирээк эмки берүүбүздө уга аласыңар.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, кыз

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on November 06, 2020, at 12:26 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)