STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 142 (Doomed man 3)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

142. Өлүмгө талапкер 3


Доктор: «Тейлор мырза, өңүңүз аябай жаман болуп турат! Мурас кагаз жазыңыз. Аз эле өмүрүңүз калды».

Х.Т.: «Жок, мен дагы узак жашайм! Кытайда мен үчүн Кудайдын дагы көп иштери бар. Эгер өлсөм, Ыйсага барам, жаным жай алып, бакытка бөлөнөм!»

Хадсон Тейлор өтө катуу безгек оорусунан өлгөн адамдан оору жугузуп алды. Эч ким анын жашап кетерине ишенген жок. Бирок Ыйса аны сактап калды. Хадсон медицинаны окууну улантты, анткени бул анын Кытайдагы кызматы үчүн керек болчу.

1853-жылдын 19-сентябрында ал кайрадан Англиядан Кытайга «Дамфриз» кемеси менен жөнөдү. Жээктен жаңы эле узаган кезде кеме катуу бороонго кабылды. Толкундар кемени талкалап, бардык моряктарды, жүргүнчүлөрдү өлүмгө дуушар кылмак. Бирок Кудуреттүү Ыйса аларды чөгүүдөн сактады.

Дагы бир жолу такыр шамал жок болгондуктан, парус эч пайдасыз илинип турду. Кеме бир орундан жылбай турду. Күтүүсүздөн суу алдындагы кубаттуу агым кемени деңиздеги урчук таштарды көздөй алып жөнөдү. Капитандын айласы куруду.

Капитан: «Өлөт экенбиз! Эч нерсе кыла албайбыз!»

Х.Т.: «Ооба, бирок, анткен менен биз бир нерсе кыла алабыз».

Капитан: «Эмне?»

Х.Т.: «Сыйынып, Кудайдан шамал жиберишин сурайлы».

Хадсон Тейлор сыйынып, Кудай аларга жардам берерине ишенди.

Х.Т.: «Негизги парусту кое бергиле!»

Капитан: «Бул эмне деген акылсыздык?»

Х.Т.: «Кудай шамал жиберет!»

Капитан: «Элди күлдүрбө! Мен мындайга көрмөйүнчө ишенбейм».

Тез эле бул орой шылдыңчыл кереметти өз көзү менен көрдү. Парустарга капысынан шамал урду да, кеме урчук таштардын жанынан оңой эле сүзүп кетти.

Ыйса «Дамфриз» кемесин Өз колунда кармап, сактап калды. Алар Шанхайга сүзүп келишти да, якорду түшүрүштү.

Кытай жеринде сейилдеп баратып, Хадсон кубанычтан толкунданып турду. Ал кытайлыктарга өзүнүн Коргоочусу тууралуу айтып бергиси келди. Ошондуктан алардын тилин үйрөндү. Оңой болгон жок, кээде тили чарчап калчу.

Х.Т.: «Сирр Йесу ай о, за ценг цинг кау су о».

Көптөгөн кытайлыктар эчактан бери эле бирөө келип Ыйса Теңир тууралуу айтып берсе деп күтүп жатышкандай сезилген. Бирок Хадсонду достору менен бардык жерде эле жакшы кабыл алышкан жок.

Аял: «Янчжоуга барбай эле кой! Ал жактын адамдары жаман келишет. Сени өлтүрүп же түрмөгө камап коюшу мүмкүн».

Х.Т.: «Эгерде ал жакта адамдар жаман болсо, анда ал жакка барышыбыз керек. Аларга Ыйса керек».

(Дүрбөлөңдөгү топ элдин ызы-чуусу) Элде бир иш болду! Бул тууралуу, балдар, эмки берүүбүздө айтып берем.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, доктор, Хадсон Тейлор, капитан, аял

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on January 22, 2019, at 02:59 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)