STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 120 (The newcomer 4)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

120. Жеринди 4


Фридли өзүнүн жыгачтан жонуп жасаган эң сонун иши чамындыга айланып калганын көргөндө, дендароо болуп калды. Эми ал байге ута албайт. Баары Фридлиден оолактап калышкан. Ошондуктан аларга колунан бир нерсе келерин, өзүн көрсөткүсү келген. Эми анын эң сонун иши жок кылынды.

Фридли муну кылган Майя эле деп шекиди, бирок анын далили жок эле.

Ал өз Швейцария тоолорунда көбүнчө жалгыз сейилдечү болду. Адатта бир дүмүргө отуруп алып, жыгачтан ар нерселерди оюп жасачу.

Киши: «Жыгачтан сөлөкөттөрдү жакшы жасайт экенсиң».

Фридли таң кала карады. Бул жепирейген үйдө жалгыз жашаган карыя болуш керек. Шаардагылар бул карыя тууралуу күбүр-шыбыр кептерди айтып калышчу. Бирок анын мээримдүү көз карашы Фридлини тынчтандырып койду.

Киши: «Жүрү, сага мен кесип жасаган буюмдарды көрсөтөйүн». (Эшиктин чыйкылдаганы угулат)

Киши: «Бара-бара сеники да ушундай боло баштайт. Досуңа арнап бир нерсе жасабайсыңбы».

Фридли: «Менин досум жок».

Киши: «Анда сен өзгөчө баласың. Эмне көйгөйүң бар, мага айтып бергиң келсе, айтып бер».

Фридли: «Клаус майып болуп калды. Баары мени аны жарга түртүп ийди деп ойлошот. Баары мени жек көрүшөт. Майя баарынан көп жек көрөт. Мен да аны жек көрөм».

Киши: «Жашоодо баарыбыз туура эмес иштерди кылабыз, мен дагы. Ичимдик жана кумар оюндары мени чоң карызга батырган. Анан банкты тоногону жатканда кармалгам. Мен жок болуп бараткам, эмне кыларымды билген эмесмин».

Фридли: «Сиз да жалгыз болдуңуз беле?»

Киши: «Мен азыр да жалгызмын. Бирок мен түрмөдөн чыкканда Ыйса менен жаңы жашоо баштагам».

Фридли: «Туугандарыңыз барбы?»

Киши: «Аялым өлүп калган, эки уулум мени өлдү деп ойлошот. Бирөө бизнесмен. Бирөө белгилүү хирург. Ал баса албай калган көп адамдарды айыктырды. Азыр ал шаарда, мейманканада».

Фридлиге бир жакшы ой келди. Эмне ой келгенин баамдадыңарбы? Ал ортодо карыя анын ийинине колун койду.

Киши: «Фридли, сен мага ишенип, кыйынчылыктарыңды айтып бердиң. Кааласаң жек көрүү сезимиң тууралуу Ыйсага айтып, Андан баарын тууралашын сура».

Фридли сыйынды, көзүнүн жашы куюлуп атканына уялган да жок. Ал Ыйса Теңирден кечирим сурады. Анын жүрөгү күнөөдөн тазарды.

Бул оңой эмес. Фридли үчүн эле эмес, балдар, силер үчүн дагы.

А Майя эмне болду экен? Бул тууралуу эмки берүүбүздөн биле аласыңар.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Фридли, киши

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on November 06, 2020, at 12:05 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)