Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 076 (Three lies in one night)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

76. Бир түндөгү үч калп


Петир: «Жок, мүмкүн эмес! Мен эч качан андайга барбайм!»

Петир кээде мактанчаак адам сыяктанчу, бирок ошол ирмемде ал чын дилинен айткансыйт.

Петир: «Мен эч качан андай кылбаймын!»

Балдар, силер да ушинтип айткан учурлар болду беле? Ошол кечте шакирттер Ыйса менен баратышкан, Петир өзүнө өзү толук ишенген. Караңгы эле, баарынын кабагы түнөрүп суз болчу. Капыстан Ыйса токтоду да, мындай деди.

Ыйса: «Бүгүн түндө баарыңар азгырылып, Мени таштап кетесиңер».

Петир: «Жок! Атургай баары Сени таштап кетсе да, мен Сени эч качан таштабайм!»

Ыйса биздин жүрөгүбүздү билет.

Ыйса: «Петир, Мен сени билем. Короз кыйкырганча сен үч жолу Мени тааныбайм деп айтасың».

Петир: «Ыйса Теңир, мен эч качан андай кылбайм! Өлсөм өлөм, бирок Сенден баш тартпайм!»

Башка шакирттер да ошону эле ырасташты. Бирок Ыйса эмне болорун билген. Бир аздан кийин Ыйсанын душмандары келди, алар Аны байлап, алып кетишти, ошондо Аны бардык шакирттери таштап кетти. Петир дагы коркуп кетти, бирок Ыйсаны эмне кылышарын көргүсү келгендиктен, алыстан артынан ээрчип баратты.

Петир: «Аны кайда алып барышат? Ыйык кызмат кылуучунун короосунабы? А менчи? Мен өзүмө көңүл бурдурбай эле коёюн, болбосо мени да кармап алышат».

Петир Теңирди жек көргөн адамдар менен чогуу жылынуу үчүн оттун жанына отурду. Ал туура кылдыбы? Ыйсанын досу Аны жек көргөндөр менен да отурабы?

1-кызматчы аял: «Эй, мен сени тааныдым окшойт. Ыйса менен жүргөн сен эмес белең?»

Петир: «Менби? Кайдан? Эмнени айтып атканыңды билбейм!»

2-кызматчы аял: «Карасаңар! Мобул чын эле Ыйса менен жүргөн».

Петир: «Калп! Мен Ал Адамды такыр билбейм».

Кызматчы: «Баары эле ушинтип айтышат. Бирок сен чындап эле Ыйса менен жүргөнсүң. Сүйлөгөнүң эле билдирип коюп атат».

Петир: «Кайдагыны айтпагылачы! Айтып атам го, Ыйса дегенди билбейм мен!» (короз кыйкырат)

Петир капысынан эсине келе калгандай болду. Ушул учурда Ыйсаны алып чыгып баратышкан, Ал өтүп баратып Петирди капалуу карады. Анын көз карашы Петирдин жан дүйнөсүн көзөп кетти, ошондо ал Ыйсанын бир нече саат мурда гана айткан сөздөрүн эстеди.

Петир Ыйсанын алдында берген убадаларын аткарган жок. Бул үчүн ал өкүндү. Сыртка чыгып, өксүп ыйлады. Ыйса баары бир аны сүйөрүн ал билди бекен?


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Ыйса, Петир, эки кызматчы аял, кызматчы

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 08:36 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)