STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 151 (Donkey heads are expensive 1)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

151. Эшектин башы кымбат 1


Самарияны элестетсеңер. Ал дөңсөө жерге жайгашкан, коргон чеби бекем шаар эле. Израиль эки падышалыкка бөлүнгөндө, Самария Түндүк падышалыктын борбору болуп калган.

Душман бул шаарга көз салып койгон эле.

Аны сириялыктар басып алууну каалашкан, бирок куралдуу чабуул менен эмес, курчоого алып багынтабыз дешкен. Шаарды курчай жайгашышып, шаар дарбазаларынан көз албай байкап турушту.

Ошондон баштап шаар тургундары жаман гана кабарларды угуп атышты. Азыктары түгөнүп, баары сатылып түгөндү! Эшектин башы жана ар кандай сапатсыз азыктар абдан кымбат баага сатылды. Балдар ачка болуп, көчөдө ыйлап тамак издеп жүрүштү.

Эл кырылуунун эле алдында турду. Жалпы эл менен кошо падыша да азап тартып атты. Ал баарына Элишаны күнөөлөп, Кудайдын пайгамбарын өлтүрүүнү көздөдү. Падышалык төрөнүн коштоосунда падыша ордодон чыкты.

Алар Элишага келишти. Пайгамбар падышага кайрылды.

Элиша: «Падыша, Кудай айтып жаткан сөзгө кулак сал! Кудай эртең азык көп болорун айтты! Тамак-аш абдан арзан сатылат!»

Төрө ардана жооп кайтарды.

Төрө: «Мындай болушу мүмкүн эмес! Кудай асман терезелерин ачып, бизге үстүбүздөн тамак жаадырат деп турасыңбы?»

Элиша: «Сен муну өз көзүң менен көрөсүң, бирок ушул сөздөрүң үчүн ал тамактан ооз тийбейсиң!»

Бул Кудайдан болгон жакшы жаңылык болчу. Бирок эч ким ага ишенген жок.

Шаарда муктаждык жетер чегине жетти. Айрыкча шаар дарбазасынын жанында отурган 4 адамга кыйын болду. Чүпөрөк-сапыракты кийим кылган алар пес оорулуу эле, ачкалыктан абдан арыктап кетишти. Теринин бул коркунучтуу оорусунан улам алар менен эч ким сүйлөшчү эмес.

Баары жакында аларды өлдү деп угабыз деп ойлошкон.

Айласы куруган пес оорулуулар алыска көз чаптырып отурушкан. Аңгыча жымжырттыкты бузуп, бирөө үн катты.

Пес оорулуу: «Бардык жерде өлүм өз өкүмүн жүргүзүүдө. Бул жерде отура берсек, өлөбүз. Шаарга барсак деле өлөбүз. Душмандарга барсак, мүмкүн… мүмкүн алар бизди тирүү калтырар. Эгер бизди өлтүрүп коюшса, айырмасы кайсы? Баары бир өлөбүз…»

Алардын жан дүйнөсүндө үмүттүн учкуну жана түштү.

Күн батып калган кезде алар душмандын аймагына кирип барышты.

Кырдаал абдан чыңалып турган!

Алар биринчи чатырга киришти.

Пес оорулуу: «Абайла! Акырын!»

Андан ары эмне болгону тууралуу, эмки берүүдө айтып берем.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Элиша, пес оорулуу, төрө

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 07:51 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)