STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 131 (The death penalty for God’s Son)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

131. Кудайдын уулуна өлүм жазасы


Сот өлүм өкүмүнө көндү. Башкесер өкүмдү аткарууга даяр турду. Ыйса Теңирди душмандардын колуна беришти.

Алар Кудай Уулун жаакка чаап, бетине түкүрүштү, сабашты.

Уруп-согуу жазаны эске салат. Ыйса жазага татыктуу эмес эле. Ал эч качан күнөө кылган эмес, эч күнөөлүү болгон эмес. Ошондой болсо да, аны аёосуз өлүмгө кыйышты.

Канжалаган далысына оор айкаш жыгачты көтөрүп, Ал Иерусалимдин көчөлөрү менен баратты.

Голгофа деп аталган шаар сыртындагы дөбөдө, таш боор аскерлер аны мык менен айкаш жыгачка кадашты. Ал эки кылмышкердин ортосунда кадалып турду: бирөө Анын оң жагында, бирөө сол жагында эле. Айкаш жыгачтагы өлүм өтө азаптуу болчу. Ыйса башы ооругандан, чыдагыс чаңкоодон кыйналды. Ага дем алуу оор болду. Аны коркунуч басты.

Ал аз келгенсип, душмандары Аны шылдыңдап турушту.

Шылдыңчыл: «Эй, Кудайдын Уулу болсоң, түш айкаш жыгачтан!»

Аскер: «Эгер жүйүттөрдүн Падышасы болсоң, анда Өзүңдү Өзүң куткарбайсыңбы!»

Эгерде Ыйса Өзүн Өзү куткаргысы келсе, асмандан жерге түшпөйт эле.

Ал бизди куткаруу максатында келген, анткени Ал бизди сүйөт. Ыйса душмандарын да сүйөт.

Ыйса: «Ата, аларды кечир! Алар эмне кылып атканын билишпейт».

Үч айкаш жыгачты элестеткиле. Ортосунда Ыйса кадалып турат, эки жагында кылмышкерлер. Силерге Ыйса аларга кол сунуп тургандай сезилген жокпу?

Кылмышкер (каарданып): «Сен убадаланган Куткаруучусуңбу? Анда Өзүңдү Өзүң, бизди кошо куткар!»

Киши өлтүрүүчү: «Жап оозуңду! Сенде Кудайдан коркуу деген такыр калган жокпу? Биз кылган кылмышыбыз үчүн күнөөлүүбүз, жазага татыктуубуз, Ал болсо эч жамандык кылган эмес. Ыйса Теңир, Өзүңдүн Падышалыгыңа киргенде мени эсте».

Ыйса: «Ишенип кой: сен бүгүн Мени менен бейиште болосуң».

Киши өлтүрүүчү өз күнөөлөрүн мойнуна алды. Ошондуктан ал асманга кире ала турган болду.

Ал туура айткан: баарыбыз күнөөлүүбүз. Бирок Ыйса бизди кечирет, Анын колдору күнөөкөрлөргө дайыма сунулуу.

Балдар, дагы бир жолу үч айкаш жыгачты элестеткилечи. Ортодо Ыйса, эки жагында кылмышкерлер. Бири Ыйсага ишенип калды, экинчиси Аны шылдыңдады. Бири куткарылды, экинчиси өлдү. А силер кайсы тарабындасыңар?

Ыйса силерге кол сунат. Анын сүйүүсү силердин күнөөңөрдөн күчтүү.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, шылдыңчыл, аскер, Ыйса, киши өлтүрүүчү, кылмышкер

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 06:19 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)