STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 035 (Rendezvous in Jerusalem)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

35. Жолуга турган жер – Иерусалим


Эл ар тараптан Иерусалимге агылып келе баштады. Көптөр бул жакка Элүүнчү күн майрамына алыс жактан, башка өлкөлөрдөн келишти. Ошол күнү Ыйса Теңирдин шакирттери чогуу сыйынууга бир үйгө жыйналышкан. Капысынан катуу шамалдын үнү угулду. Бул үндү, атургай сырттагылар да угушту.

Кадимкиден башкача бир нерсе болду. Шакирттердин башында тил сыяктуу от көрүндү. Бул кереметтер эмнени билдирет?

Бул ишенүү кыйын болгон окуялар Ыйса убада кылган тартуу болчу. Ал өзүнүн шакирттерине Ыйык Рухту берди. Өз досторун унуткан жок. Ыйык Рух аркылуу Ыйса дайыма Өзүнүн балдары менен чогуу. Ыйык Рух – бул Сооротуучу, Кеңешчи жана Жардамчы. Ал аркылуу Кудайдын балдары асмандагы Ыйса менен мамилелеше алат.

Таң калган эл үйдүн жанына туруп калышты.

Киши: «Бул эмнени билдирет?»

Кубанычтан апкаарыган алар элге Ыйса тууралуу айта башташты. Элестеткиле, алардын сөзү башка өлкөлөрдөн келген адамдарга да түшүнүктүү болду. Алар мурда эч качан үйрөнбөгөн тилдерде сүйлөп жатышты. Бул кереметтердин баарын Ыйса жасап жаткан!

Кээ бирлер аларга күлүп, мындай дешти:

Шылдыңчыл: «Мына сага! Тоюп алышкан тура! Болгондо да таң атпай!»

Ошондо Петир элге кайрылды:

Петир: «Жок, биз мас эмеспиз. Кудай Өз убадасын аткарып, Өзүнүн Ыйык Рухун жиберди».

Ал тайманбастан аларга Ыйса тууралуу, Анын кантип өлгөнүн жана тирилгенин, азыр асманда жашап жатканын айтты.

Киши: «Бул бир аз убакыт мурда Ыйсадан баш тарткан Петирби?»

Аял: «Ооба, ошол. Бирок ал эч корккон жок. Таптакыр өзгөрүптүр».

Кудай Ыйык Рухтун күчү менен Петирди коркпос күбө кылып койду. Анын сөзү элдин как жүрөгүнө кадалгандай болуп жатты.

Киши: «Биз эмне кылышыбыз керек?»

Аял: «Канчалаган жамандыктарды жасадык!»

Петир: «Ыйса Теңирге ишенгиле, ошондо Кудай күнөөңөрдү кечирет, Ыйык Рухту кабыл аласыңар».

Бул чакырыкка 3000 адам жооп кылды. Сыйынууда Ыйсага кайрылышып, куткарылышты. Ушул Элүүнчү күн майрамынан кийин шакирттер жаңы кубанычка ээ болушту.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, шылдыңчыл, Петир, киши, аял

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 10:13 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)