Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 148 (The hardest test 3)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

148. Оор сынак 3


Балдар, туура айтамбы, сабакта оор тест болорун билсеңер, ошол күнү эртең менен туруу кыйын болот ээ?

Бирок Ыбрайымдыкы башкача болду. Ал аябай эрте турду. Ага математикадан же физикадан тест тапшырыш керек эмес эле. Андан Кудай Өзү тест алмак – Кудай анын ишенимин сынады.

Кудайдын үнү: «Ыбрайым!»

Ыбрайым: «Мен мына!»

Кудайдын үнү: «Жакшы көргөн жалгыз уулуң Ыскакты ал да, Мориа жерине бар. Ошол жерден Мен сага көрсөткөн тоодо уулуңду курмандыкка алып кел».

Кудайды билбеген, сүйбөгөн адам Аны каардуу деп ойлойт. Кудай ушундай оор сыноо жиберсе да, Ыбрайым Кудайды ачуулуу деп эсептеген эмес.

Библияда жөнөкөй эле жазылган: Ыбрайым эртең менен туруп, эшегин токуду. Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык үчүн отун жүктөп, жанына эки кызматчысын жана уулу Ыскакты алды.

Алар узак жол жүрүштү, дээрлик 120 километр. Мындай узак жолдо алардын ичинен бирөөлөрүнүн үйгө кайтып кеткиси келиши да мүмкүн эле.

Үч күндөн кийин Ыбрайым тоону көрдү. Ал кызматчыларына бурулду.

Ыбрайым: «Силер эшек менен бул жерде калгыла. Уулум экөөбүз болсо тоого чыгып, Кудайга табынып келебиз. Бат эле кайтабыз».

Ыбрайым эмне дегенин уктуңарбы, балдар? Ал биз кайтабыз деди. Кудай Ыскакка кайра жан киргизерине Ыбрайым бекем ишенген.

Уулу отунду көтөрүп баратты, атасы болсо күйүп аткан көмүрү менен бычак салынган идишти алып баратты. Алар жанаша баратышты.

Ыскак: «Ата!»

Ыбрайым: «Оу, уулум».

Ыскак: «Бизде отун бар, от бар, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка козу кана?»

Ыбрайым: «Аны Кудайга калтырабыз. Ал кам көрөт, уулум».

Кудай көрсөткөн жерге жеткенде Ыбрайым курмандык чалынуучу жай куруп, ага отундарды коюштурду. Уулу Ыскакты байлады да, курмандык чалынуучу жайдагы отундун үстүнө жаткырды. Андан кийин колуна бычак алды.

Периште: «Ыбрайым! Ыбрайым!»

Ыбрайым: «Мен мына!»

Периште: «Уулуңа тийбе. Жалгыз уулуңдан Кудайды артык көрөрүңдү көрдүм!»

Ыбрайым жашоодо эң оор тестти тапшырды.

Ошол жерден бир нече жүз метр алыстыкта Голгофа деген дөңсөө жайгашкан. Андан жүздөгөн жылдардан кийин Голгофада Кудай Өзүнүн Жалгыз Уулу Ыйсаны биз Ага ишенип, Кудайдын балдары болуп калышыбыз үчүн курмандыкка чалган. Азыр мени менен чогуу сыйынгың келеби?

«Ыйса Теңир, Ыбрайым ишенгендей мен да Сага ишенем. Ушундай ишеними барлар эмне болушат?!»


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Ыбрайым, Кудайдын үнү, Ыскак, периште

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 07:16 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)