Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 060 (Christmas – so different 2)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

60. Төрөлүү майрамы такыр башка 2


Кичинекей тоолуу айылда Төрөлүү майрамын эч ким майрамдачу эмес. Ыйса Теңирдин төрөлгөнүнө эч ким кубанчу да эмес. Туреядан башка эч ким. Ошол күнү эртең менен ал башкаларга билдирбей инисине Мариям, Жусуп жана Ымыркай тууралуу окуяны айтып берди. Төрөлүүнү майрамдагысы келди, бирок кантип майрамдоону билбеди.

Машайакчылык мектепте Төрөлүү майрамына балатыларды кооздоп, белектерди даярдашып, Төрөлүү майрамынын ырларын ырдашчу. Бул жерде анын бири жок. Алжапкыч тагынып алып, камыр жуурганга, кудуктан суу алганга, эчкилерди сааганга киришти. Чарчаган, алсыз апасына жардам бергенине кубанды. Турея үчүн бул кандайдыр бир мааниде Төрөлүүнү майрамдоо болду. Кечинде көп конок келди. Туугандары Туреяны көрүүгө келишкен. Анткени ал үйгө каникулда гана келчү да.

Алар калама менен куурулган коёндун этин жешти. Абдан даамдуу эле.

Тамактанышкандан кийин Хассан эжесине кайрылды:

Хассан: «Турея, эртең менен мага айтып берген акырдагы ымыркай Ыйса тууралуу окуяны айтып берчи».

Бөлмөдө чыңалган жымжырттык өкүм сүрдү. Бул жерде Ыйсанын ысмын жактырышчу эмес, ошондуктан чогулгандар Туреяга көздүн кыйыгы менен нааразылана карашты. Аталаш агасы аны шылдыңдай баштады.

Эмин: «Муну сага мектебиңде үйрөтүштүбү? Эч качан айткан эмес элең го?»

Турея унчукпады. Ал өзүн жалгыз жана четке кагылгандай сезди. Көп жылдар мурун Ыйса Өзүн так ушундай сезген. Бирок ал кандай гана болбосун, Ыйсага ишенимдүү болууну чечти.

Ошондо атасы үн катты:

Атасы: «Албетте, Турея Библиядагы окуяларга ишенбейт. Биздин динибиз башка экенин ал билет да. Чынбы, Турея?»

Турея: «Жок, мен Ыйсага ишенем. Жалгыз Ал аркылуу гана биз асманга бара алабыз. Ыйса: «Жол, чындык жана өмүр Менмин. Атама Мен аркылуу гана барууга болот, Менсиз эч ким бара албайт» (Жакан жазган Жакшы Кабар 14:6).

Баары он үч жашар кызды үн-сөзсүз жек көрө карашты. Алардын Ыйсаны четке какканы Туреянын көңүлүн оорутту. Үйдөн чуркап чыгып, ыйлап жиберди. Ыйса Теңирди жалгыз эле ал жакшы көрөт. Эмне үчүн Аны башка эч ким жакшы көрбөйт? Турея бул суроого жооп таппады.

Капысынан жанына иниси Хассан пайда боло калды.

Хассан: «Турея, сен айтып берген окуяларды уккум келет. Мен да сендей болгум келет».

Турея жылмайды. Эми ал коркпой калды. Жүрөгү Төрөлүү майрамынын кубанычына толду. Ал Төрөлүү майрамын Ыйса менен жүрөгүндө майрамдады!


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Хассан, Эмин, Турея, атасы

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 11:55 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)