STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 134 (STOP 2)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

134. ТОКТО 2


Кыз: «Жашоо мектеби, 1-бөлүм. Бүгүн биз ТОКТО белгисин карайбыз».

(Жолдогу уу-дуу угулат)

Бала: «Соо эмес го дейм бул? ТОКТО белгиси турса, болгон ылдамдыгы менен зуу коюп кетти».

Кыз: «Мүмкүн бир жакка шашып бараткандыр».

Библияда бир адам тууралуу жазылган, ал да бир жакка шашып бараткан. Бул айтып болбос адам эле. Андан баары коркушчу. Ал ойлонуштуруп коюп, көп адамдарды өлтүргөн. Анын айынан көптөгөн адамдар бейкүнөө азап тартышкан.

Шабыл: «Машайакчылардын бардыгын жер бетинен сүрүп таштайбыз! Ыйса Кудайдын Уулу деп ырастагандардын баарын, бирин да калтырбайбыз. Азыр Дамаскка жөнөйбүз».

Анын эркектерди жана аялдарды камайм деген ою бар эле. Ыйык кызмат кылуучу анын бул аракетине «жашыл жарык» күйгүзүп берди».

(Кадамдардын үнү) Шабыл улам тездеп баратты. Бирок аны кимдир бирөө күтүүсүздөн токтотту.

Ыйса: «Шабыл! Шабыл! Эмне үчүн Мени кубалап жатасың?»

Шабыл: «Сен кимсиң, Теңир?»

Ыйса: «Сен кубалап жаткан Ыйсамын. Тур да, Дамаскка бар, Мен сенден эмнени каалап жатканымды ошол жактан билесиң».

Пабылдын жанындагылар да бул үндү угушту, бирок эч кимди көрүшкөн жок. Шабыл турду да, көзү көрбөй калганын түшүндү. Жанындагылар аны шаарга жетелеп барышты.

Шабылды токтоткон Ыйса болчу. Ошондо Шабыл туура эмес жолдо турганын көрдү. Ал Кудайга жагып жашап атам деп ойлогон. Бирок андай эмес эле! Ыйсасыз биз баарыбыз туура эмес жолдобуз. Бул жол асманга алып барбайт. Бул коркунучтуу жол. Ошондуктан Ыйса Шабылды жана башка да көптөрдү токтотту.

Кыз: «Мага көз уялткан жарык эч качан көрүнгөн эмес».

Кудайдын «ТОКТО» белгиси ар кандай адамдарга ар түрдүүчө көрүнөт.

Бала: «Мисалы, оору болушу мүмкүн. Силер үчүн эмне ТОКТО деген белги болду эле?»

Мен үчүн ТОКТО деген белги бир насаат сөз болгон. Кудай кээ бир адамдар үчүн ТОКТО белгиси катары адамдарды колдонот.

Кыз: «Шабыл андан ары эмне болду?»

Ал туура эмес жолдо баратканын мойнуна алып, сыйынды. Үч күндөн кийин ага конокко бир адам келди.

Анания: «Кымбаттуу Шабыл бир тууган, сенин көзүң кайрадан көрүшү үчүн, мени сага Ыйса Теңир жиберди. Ыйык Рухка тол, ошондо Ал сага туура жол менен жүрүүгө күч берет».

Ошондо Шабылдын көзү көрүп калды.

Бала: «Андан ары эмне болду?»

Андан ары ал мурда өлтүрүүнү ойлоп жүргөн машайакчылар менен достошту. Алар анын эң мыкты достору болуп калышты. Ал көптөгөн адамдарды Ыйсага алып келип, аларга туура жол көрсөттү.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, кыз, бала, Шабыл, Анания

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 06:31 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)