STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 133 (School of life 1)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

133. Жашоо мектеби 1


Жашоо мектебине кош келиңиздер! Биз менен болгонуңарга кубанычтабыз!

Кыз: «Бизге келгиле! Бизде абдан кызыктуу!»

(Көчөнүн уу-дуусу: тормоздун кыйчылдаганы, сигналдар, велосипеддин коңгуроосу ж.б.)

Бала жана кыз кезектешип: «Жол бер – Токтотконго болбойт – Чукул бурулуш – Ак жана кызыл жебелер – Мен кайдамын? Каякка жүрүшүм керек? – ТОКТО-белги – Абайла: жалаңмуз!»

Белгилер аябай көп жана алар ар кандай! Жолдордогу жол белгилер абдан маанилүү. Алар тоскоолдук кылуу үчүн, же айдоочуларды жүдөтүү үчүн эмес, аларды коргоп, өзү каалаган жерге барышына жардам берүү үчүн коюлат. Ошол сыяктуу эле Кудай Библияда биздин өмүр жолубузга белгилерди коюп койгон. Осуяттарын Ал бизди кысымга алуу үчүн эмес, бизди коргоо үчүн койгон. Ким Анын эрежелерин сактаса – өз жолунун акырына чейин ийгиликтүү жетет.

Кыз: «Бизге, жашоо мектебине келгиле!»

Бала: «Сынакты ийгиликтүү тапшырарыңарга бекем ишенем!»

Биздин өмүр жолубуз – кызыктырып өзүнө тартып кете турган саякат!

Алдыбызда эки жол бар, алардын бирин тандайбыз. Библия жол картасы сыяктуу. Ал бизге каякка баратканыбызды көрсөтүп турат.

Окурман: «Тар дарбаза аркылуу киргиле. Анткени кең дарбаза менен кенен жол өлүмгө алып барат, ал жолдо бара жаткандар көп».

Библия көрсөткүч мамы сыяктуу. Ал бизге Ыйса Машайак – Кудайга алып бара турган жалгыз жол экенин көрсөтүп турат.

Окурман: «Ыйса мындай дейт: Жол, чындык жана өмүр Менмин. Атама Мен аркылуу гана барууга болот, Менсиз эч ким бара албайт» (Жакандын Жакшы Кабары 14:6).

Өмүр жолубузда кыйынчылыктар аркылуу караңгы туннелден чыга турган жак көрүнбөй өтүп бараткан сымал баратканда Библияны карасак, ал жаркыраган фаралардын жарыгындай жол көрсөтөт.

Теңир Ыйса Өзү – жашоо мектебибиздеги эң сонун Мугалим. Ал сени ушул жашоодон алып өткүсү келет. Эгерде өзүңдү жаман сезсең, кимдир бирөөлөр көңүлүңдү оорутса, же кандайдыр бир кырсыкка кабылсаң, Ыйса жаныңда болот жана эч качан таштабайт. Ал убада берген.

Окурман: «Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү Мени чакыр, Мен сени куткарам, сен болсо Мени даңктайсың» (Забур 49:15).

Сыйынуу – өзгөчө кырдаалдарда эң мыкты таяныч. Өзүңөр текшерип көргүлө!

Өмүр саякатында жолуңар шыдыр болсун!

ТОКТО! Сапарыбызды эмки берүүбүздө улантабыз.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, кыз, бала, окурман

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 06:26 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)