STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 063 (Sammy‘s discovery)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

63. Сэмминин ачылышы


Нью-Йорктун көчөлөрүндө муздак шамал уруп турган. Сэмми баш кийими менен кулагын кымтыды. Ар күнү кечинде ал атасы менен сейилге чыкчу. Көчөдө машиналарды уу-дуусу, тормоздордун кыйчылдаганы угулуп турган. Чоң баштыктарды көтөргөн аялдар топ элдин арасынан жөөлөшүп, автобустарга түртүшүп кирип атышты. Баары кайдадыр шашышат.

Сэмми: «Ата, мобу эмне?»

Бул суроо ойго чөмүп бараткан атасынын оюн бузду. Ал уулуна суроо салды:

Атасы: «Эмнени айтып атасың, балам?»

Сэмми: «Жылдызды айтып атам. Тетигине, көрдүңүзбү?»

Ал суктануу менен бир имараттын терезесине сөөмөйүн сунду. Терезенин артындагы караңгы бөлмөдө шам жаркырап күйүп турган экен. Анын кичинекей оту асмандагы жылдызды эске салып турду.

Атасы: «Бул адамдар терезеге шамды баласы үчүн коюп коюшкан. Ал алыскы-алыскы бир жерде, согушта душмандар менен согушуп жатат. Эгерде ага ок тийсе, шамды өчүрүшөт».

Алар жолун улашты. Атасы: «Балабыз үчүн эч качан терезеге шам койбойм деп үмүттөнөм» – деп ойлонду.

Сэмми тынымсыз жылдыз издей берди.

Сэмми: «Ата, тигине дагы кичинекей от. Тетигинде дагы бири. Карасаңыз, бир терезеде эки шам экен. Алардын эки баласы согушта го, ээ».

Көчөнүн аягынан Сэмми башын көтөрдү да, капысынан тык токтой калды. Бир укмуш нерсе болгондой, демин ичине катып туруп калды.

Сэмми: «Караңыз, ата, тетигини!»

Түнкү асманда жылдыз жанып турду.

Сэмми: «Кудайдын да баласы барбы? Ал да терезесине шам коюптур!»

Атасы: «Ооба, Кудайдын Жалгыз Уулу бар. Кудай Аны бул дүйнөдөгү жамандык менен күрөшүүгө жиберген. Ал жеңген! Курал менен эмес, сүйүү менен. Ал жеңиш үчүн Өз жанын берген. Ал Өзүн айкаш жыгачка кадаган душмандарын да сүйөт. Кудай Өзүнүн өлгөн Уулун тирилткен. Ал аркылуу биз Кудай менен жана башка адамдар менен тынчтыкка ээ болобуз».

Кийинчерээк Сэмми терезедеги жылдыздар жана дүйнөдөгү жамандыкка каршы күрөшүп, Өз өмүрүнүн куну менен жеңген Уул жөнүндө көп ойлонду.

Ыйса адамдарга тынчтык алып келди. Бирок жер үстүндө адамдарды көп азапка салган коркунучтуу согуштар уланууда. Көптөр октордун, бомбалардын алдында калып өлүп жатышат. Кудайдын терезесиндеги жылдызды гана өчүрүүгө мүмкүн эмес. Ал өчпөгөн жылдыз сурагандардын баарына куткарылуу жана тынчтык берүүчү – Ыйса Машайак.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, атасы, Сэмми

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 02:40 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)