STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 062 (Finally at the goal 2)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

62. Акыры максатка жетүү 2


Чыгыштан келген даанышмандар падышанын ордосунан чыгып кетишти. Алардын шаабайы сууду. Падышанын ордосунан алар жаңы төрөлгөн Падышаны издешкен. Ага табынганы жана Ал алардын да Өкүмдары экенин баарына көрсөткөнү келишкен эле. Бирок Иерусалимден алар Аны таппай коюшту. Алар шаардан чыкканда караңгы кирип калган.

1-даанышман: «Эмнегедир Падыша бир нерсеге кабатыр болуп тургандай көрүндү?»

2-даанышман: «Жылдыздын качан пайда болгонун эмнеге так билгиси келди?»

1-даанышман: «Мынакей! Жүйүт Падышасы төрөлгөнүн көрсөткөн жылдыз».

Бабылдык даанышмандар жылдызды кайрадан көрүшкөнүнө абдан кубанышты.

Элестетсеңер, жылдыз аларга Бейт-Лехемге барчу жолду көрсөтүп, алардын алдында жылып баратты!

Алар шаарга киришкенде, жылдыз бир үйдүн так үстүнө токтоду. Мариям, Жусуп жана ымыркай Ыйса ошол үйдө болчу.

Эл каттоо бүтүп, каттоого келгендердин бардыгы үйлөрүнө кайтышканда алар ошол жерге жайгашышкан.

Даанышмандардын издөөсү аягына чыкты. Алар издегенин табышты. Үйгө кирип, Мариямды, Жусупту жана ымыркай Ыйсаны көрүштү. Кудайдан жиберилген Падышаны алар өз көздөрү менен көрүштү. Таң калуу менен алар Ыйсага таазим кылышты.

Ал алардын Падышасы болуп, жашоолорунда падышалык кылышын каалашты.

Балдар, Ыйса силердин Падышаңар болуп калды беле? Ага баш иесиңерби? Ага силерди жетелөөгө жана багыттоого жол бересиңерби?

Силер менен биз үчүн Падышанын артынан ээрчигендей Ыйсанын артынан ээрчигенден өткөн сонун нерсе жок бул дүйнөдө.

Даанышмандар жашоолорун Ыйсага арнашты. Ыраазычылыктарын билдирип, алар Ага тартууларды алып келишти: алтын, жыпар жыттуу заттар, фимиам жана ладан. Булар алардын түбөлүктүү Падышага берген белеги эле. Биз Ага алып келишибиз керек болгон эң сонун белек – бул биздин өмүрүбүз. Ким жашоосун Ыйсага арнаса, чоң сыйлык алат!


Катышуучулар: Айтып берүүчү, эки даанышман

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 02:38 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)