STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 061 (A new star 1)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

61. Жаңы жылдыз 1


Түнкү асманда миллиарддаган жылдыздар жымыңдап турган. Бабылдык акылман окумуштуулар жылт-жулт эткен асманды телескоптон карап жатышкан.

1-даанышман: «Асманды карачы! Жаңы жылдыз, мурда ал көрүнгөн эмес».

2-даанышман: «Чын эле. Каяктандыр жаңы жылдыз пайда болуптур. Бул эмнени билдирет?»

Бул суроого жаап табуу үчүн, астрономияны жакшы билген акылмандарга байыркы жазууларды, жазуусу бар таштарды изилдөөгө туура келди.

1-даанышман: «Мына эмесе! Жылдыз жүйүт Падышасынын төрөлгөнүн көрсөтүп жатат!»

2-даанышман: «Болгондо да кадимки Падышаны эмес! Жолго чыгалы, Аны таап, таазим кылганыбыз жакшы. Ал биздин да Падышабыз болуш керек».

Ушул мезгилде түбөлүктүү Падыша – Ыйса төрөлдү.

Кудай бул тууралуу адегенде койчуларга, андан кийин бабылдык даанышмандарга билдирди.

Аз убакыттан кийин даанышмандар төөлөргө буюмдарын, Падышага белектерин жүктөп алып жөнөштү. Бир нече айга созулган сапарда алар 1000 км ден ашык жол басышты. Бирок Ыйса алар үчүн баарынан маанилүү болчу. Алардын Ага таазим кылып, Аны өздөрүнүн Өкүмдары кылып кабыл алышканын баарына көрсөткүлөрү келген.

Силерчи, балдар, бул Төрөлүү майрамында Ыйсага табынууну каалайсыңарбы? Ал силердин да Куткаруучуңар, Өкүмдарыңар болушун каалайсыңарбы?

Чаалыккан даанышмандар, акыры Иерусалимдин дарбазаларына жетишти.

1-даанышман: «Төрөлгөн Падыша кайда? Биз Анын жылдызын көрүп, Ага табынганы келдик».

Аларга эч ким жооп бербеди. Адамдар таң кала карап, жолун улашты. Баарынан да Ирод падыша катуу таң калды. Бул баары корккон катаал падыша өзү падышалык тактыдан айрылып калуудан коркту. Токтоосуз бардык мыйзам окутуучуларын өзүнө чакырды.

Ирод: «Жүйүттүн Падышасы кайда төрөлөрүн силер билесиңерби?»

Мыйзам окутуучу: «Албетте, билебиз. Кудайдын Сөзүн изилдегенбиз. Ал жерде Падыша Бейт-Лехемде төрөлөт деп жазылган».

Бул сөздөр Ироддун жүрөгүн коркунучка толтурду. Бирок ал коркконун билдирген жок. Бабылдык даанышмандар менен өзүнчө жолугушуп, жашыруун алардан маалымат алды.

Ирод: «Бул жылдыз качан пайда болгон? Биринчи жолу качан байкадыңар?»

Эч нерсени капарына албаган даанышмандар ага баарын айтып беришти. Эми ал ага эмне керек болсо, ошолордун баарын билип алды.

Ирод: «Бейт-Лехемге барып, ымыркайды тапкыла. Аны тапкандан кийин, Анын кайда экенин мага кабарлагыла. Мен да Ага табынгым келет».

Бирок чындап эле анын Падышага табынгысы келди беле? Албетте, жок. Ал жалган айткан. Менден башка эч ким падыша болбойт деп, Ирод Аны өлтүргүсү келген. Даанышмандар Бейт-Лехемге бет алышты. Андан ары эмне болгонун эмки берүүдө биле аласыңар.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, эки даанышман, Ирод, мыйзам окутуучу

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 02:34 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)