STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 052 (Without a schedule to Hawaii)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

52. Гаваиде компассыз


Балдар, келгин куштар учуп кетер алдында электр зымдарына топтошуп конуп алышарын көрдүңөр беле? Саякатка мынчалык дегдөө аларда каяктан болду экен?

Жыл сайын сайран куштар, чабалекейлер, илегилектер, дээрлик бир күндө түштүк жактарга учуп кетишет. Жолго аттанар күн келгенин алар кайдан билишет? Кудай-Жаратуучу бул билимди аларга салып койгон.

Алар баш ийүү менен Анын көрсөтмөлөрүн аткарышат, ушул алардын өмүрүн сактап калат.

Кээ бир куштар 10 миң километрден ашык аралыктарды учуп өтүшөт, жазында болсо кайра өз уяларына кайтып келишет. Бул керемет эмеспи?

Америкалык ржанка деген куш бар. Бул түрдөгү куштар жерди дайыма кар, муз каптап турган Аляскада жашашат. Жөжөлөрү жумурткадан 26 күндө чыгышат. Алардын сүйүктүү тамагы – клюква жана майлуу көпөлөк курту. Көлөмү боюнча америкалык ржанка көгүчкөнгө окшош, жалтырак жашыл түстө. Ал жакшы баса албайт, бирок сонун учат. Ал үчүн баарынан маанилүүсү ушул, анткени кышты Гавай аралдарында өткөрөт. Учуп жетиши үчүн 88 сааттан ашык тынбай учушу керек болот.

Окумуштуу: «Америкалык ржанканын башка жакка учуп кетиши окумуштуулар үчүн сыр бойдон калууда. Саякат алдында өзүнүн кадимки салмагынын жарымынчалык эт алат. Биз ошенткенибизди элестетип көргүлө, эмне болмокпуз! Учуп баратканында канаттары менен 250 миң серпим жасайт. Дене мүчөлөрүңөрдү дем албастан 250 миң жолу чыңалтып-бошото алат белеңер? Эгерде бул куштун спидометри болгондо, анын учуу ылдамдыгын – саатына 50 км ди көрсөтмөк.

Америкалык ржанканын салмагы – болгону 300 г, учуп баратып саат сайын 0,6% салмак жоготот. Эсептеп көрсөк, бара турган жерине 800 км калганда эле бул куштун күчү кетип калышы керек эле. Бирок алар үйүр болуп, латын алфавитинин "V" тамгасынын калыбында учушкандыктан, күч үнөмдөлөт – мындай учуу эң алдыда учуп келаткан куштан башка куштардын бардыгына абанын каршылыгын азайтат. Куштар маал-маалы менен орун алмашып турушат, ушунун натыйжасында энергия үнөмдөлөт».

Америкалык ржанка ага Кудай салып койгон туюмдарды гана ээрчийт. Компасы да жок, картасы да жок түнкү мунарыкты, булут мунарыгын көзөп өтөт. Атургай Гавайиге мурда бир да жолу учуп барбаган жаш куштар да, эбегейсиз океандын ортосунан ошол кичинекей аралды таап алышат. Бул жөн эле кокустук эмес. Алар Кудайдын көрсөтмөсүн ээрчишет жана Ага алкыш ырын ырдашат!

Биз да ошентишибиз керек. Чынбы, балдар?

Библияда Кудай бизге көрсөтмө берген. Ким ошол көрсөтмө менен жүрсө, акыр аягында барчу жерине жетет.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, окумуштуу

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 11:29 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)