STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 051 (Two gifts)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

51. Эки белек


1-дос: «Досубуздун ал-абалын билген жоксуңбу?»

2-дос: «Билем, начар».

1-дос: «Элестетип көрсөм, дайыма кыймылсыз жата берген укмуштай азап болуш керек».

2-дос: «Ага аябай боорум ачыйт».

1-дос: «Аны Ыйсага алып барбайлыбы? Ал азыр Капернаумда. Ыйса аны айыктыра алат».

Булар ишенимдүү достор эле. Алар досун кыйынчылыкта калтырышкан жок, жуурканга көтөрүп алып, Ыйсага алып келишти. Өкүнүчтүүсү, алар бир аз кечигип калышкан экен. Ыйса насаат сөз айтып жаткан үйгө эл толуп калган. Кире бериште көп адамдар тыгылышып турушкан. Кирүүгө мүмкүн эмес эле. Баарынын Ыйсаны уккулары келди. Кудай тууралуу Андай эч ким окуткан эмес да.

2-дос: «Мага бир ой келди. Карасаң, тетиги тепкичтер менен үйдүн чатырына чыгууга болот экен».

1-дос: «Эмнени ойлогонуңду түшүндүм окшойт. Кел, көтөр, кеттик!»

Досун төшөккө көтөргөн бойдон, алар акырындан үйдүн жалпак чатырына чыгышты. Үйдүн үстүнөн тешик жасап, алар оорулуу досун Ыйсанын так алдына түшүрүштү. Кызык, Ал ага жардам берер бекен?

Ыйса башын көтөрүп, оорулуунун досторун карады. Алардын ишенимин көрүп, шал оорулууга кайрылды:

Ыйса: «Күнөөлөрүң кечирилди!»

Ыйсага ага кечирим тартуулады. Мындайды эч ким күткөн эмес. Кээ бир адамдар оюнда: «Ал кантип күнөөлөрдү кечире алат? Бизди Кудай гана кечирет» деп, Аны жаман көрүштү.

Алар Ыйсанын Кудай Уулу экенин, күнөөлөрдү кечире ала тургандыгын түшүнө алышкан жок. Ыйса алардын ойлорун билген.

Ыйса: «Жүрөгүңөрдө эмнени ойлоп жатасыңар? Кайсынысын айткан жеңил: «Күнөөлөрүң кечирилди» дегенби, же «Тур, төшөгүңдү ал да, жөнө» дегенби? Силер азыр Мен анысын да, мунусун да айта аларымды көрөсүңөр».

Ошондон кийин Ал шал оорулууга кайрылды:

Ыйса: «Сага айтам: "Тур, төшөгүңдү ал да, үйүңө бар!"»

Баары жымжырт болуп, эмне болорун күтүп калышты. Шал оорулуу кыймылдай баштады! Анан туруп, төшөгүн алды да, басып кетти.

Ыйса аны айыктырды. Баары бул керемет үчүн Кудайды даңктап, таңыркай мындай дешти:

Эл: «Мындайды эч качан көргөн эмеспиз!»

Ошол күнү ал адам үйүнө зор баталар менен кетти. Ыйса ага кайсы эки белекти бергенин бизге жазып жибергиле, биз силерге сөзсүз жооп жазабыз.

Дайыма эсиңерде болсун, Ыйса силерге бата бергиси келет!


Катышуучулар: Айтып берүүчү, эки дос, Ыйса, эл

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 11:27 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)