STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 050 (Attention danger of an avalanche)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

50. Абайлагыла, көчкү


Бир бала Швейцариянын тоолорунда кой кайтарып жүргөн. Ал гүлдөрдү жана тоодогу көз тайгылткан аппак мөңгүлөрдү жакшы көрчү. Тоодогу чыйыр жолдон турист көрүндү. Ал баланын жанына келди.

Турист: «Салам! Атың ким?»

Генри: «Салам. Атым Генри».

Турист: «Бул жерде жалгыз эле сенсиңби?»

Генри: «Ооба, азыр каникулдамын, атамдын койлорун кайтарып жүрөм».

Турист: «Демек, сен койчу экенсиң да. А сен Жакшы Кайтаруучуну билесиңби?»

Генри: «Жок. Ал ким?»

Турист: «Ыйса Теңир. Библияда адамдар өз жолдору менен жүргөн, баш ийбеген койлорго окшош экени жазылган. Жакшы Кайтаруучу бизди издейт. Ал бизди ээрчиткиси, биз үчүн кам көргүсү, акырында бизди асманга алып киргиси келет».

Генри: «Ал мени ал жакка мен өлгөндө алып кетеби?»

Турист: «Ооба. Бир гана Андан сенин Кайтаруучуң болушун сурануу керек».

Генри: «Мен Андан муну азыр эле сурайм».

Генри жүрөгүнөн чыккан жөнөкөй сыйынуу менен кайрылды. Ал Ыйсага таандык болгусу келди. Турист жолун улардын алдында Генриге мындай деди:

Турист: «Эми сен түбөлүккө Жакшы Кайтаруучуга таандыксың. Теңир – менин Кайтаруучум деп айта аласың. Карасаң, Библиядагы бул аятты манжалар менен айтса болот!»

Генри бул аяттын биринчи сөзүн айтканда бармагын көтөрүп, экинчисин айтканда сөөмөйүн, үчүнчү сөзүн айтканда ортонун көтөрүп айтып кайталады. Ал сөөмөйүн өзгөчө өйдө көтөрүп, экинчи сөздү баса белгиледи:

Генри: «Теңир Менин Кайтаруучум!»

Кубанган Генри баарын ата-энесине айтып берди. Каникул бүтүп, мектепке бара турган убакыт да келди. Андан кийин кыш да кирип келди. Швейцария тоолорунда кыш абдан кооптуу. Кар көчкү жүрүү коркунучу бар.

Бир жолу Генри калың карды матап бараткан, кокусунан кулак тундура дүңгүрөгөн үн чыкты. Ал качайын деди, бирок кеч болуп калган. Кар көчкү аны көөмп калды.

Караңгы кире баштаганда ата-энесинин тынчы кетти. Аны көпкө чейин издешти. Бир нече сааттан кийин гана аны үймөк кардын астынан табышты. Сөөмөйү түптүз кармалган экен. Генри өлүп баратып Жакшы Кайтаруучу жөнүндө эстеген тура.

Ата-энеси мөгдөп калышты. Аларды бир гана нерсе сооротту: алар бир кезде Генри менен асманда жолугушат. Убактысы келгенде алар да асманга барып, түбөлүккө Жакшы Кайтаруучу менен жашап калышат.

Силерчи балдар, чын жүрөгүңөр менен: Теңир – менин Кайтаруучум деп айта аласыңарбы?


Катышуучулар: Айтып берүүчү, турист, Генри

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 11:24 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)