STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 049 (The good shepherd)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

49. Ак ниет кайтаруучу


Жакында трассада машина айдап баратып, кооз токой, жүзүмзар, талаалардын жанынан өттүм. Бир жерден бир короо кой көрдүм.

Балдар, силер билесиңерби, койлор өз койчусунун гана үнүн угушат, башкаларды угушпайт?

Алар бат чарчашарын жана өздөрүн коргой алышпастыгын билесиңерби?

Алар, мисалы ат же ит сыяктуу үйдү өздөрү таап келе алышпастыгын билесиңерби? Койлорго аларды ээрчитип жүрө турган, аларды коргоп, алар үчүн кам көрө турган кайтаруучу керек. Бизге дагы Кайтаруучу, Багуучу керек.

Койлорду көргөн сайын Ыйса Теңирдин сөздөрүн эстейм.

Ыйса: «Мен Жакшы Кайтаруучумун. Менин койлорум менин үнүмдү угушат жана Менин артымдан ээрчишет».

Ал Жакшы Кайтаруучу, биз Анын койлорубуз.

Бир жолу Ыйса койлор тууралуу окуя айтып берген.

(койлордун маараганы)

Ыйса: «Бир койчунун 100 кою болот. Ал аларды оттуу жайыттарга, мелмилдеп аккан сууларга айдап барчу. Жырткыч жаныбарлар жакындаса, койчу ошол замат байкай коюп, койлорду коргочу. Койчунун жанындагы койлор коопсуз эле. Аларда баары жакшы болчу. Бир күнү кечинде койчу койлорун адаттагыдай эле айдап келип, санап киргизип атты: …97, 98, 99. 99 элеби? Бир кой жок! Ал жолдон адашып калган. Алы кетип, аянычтуу маарап, жардам сурап жаткан эле. Эсиңерде болсун: койчусуз кой өлүмгө дуушар болот.
Бул койчу коюн таштап койгон жок, издеп жүрүп, бир бадалдын арасынан тапты. Таап алып аябай сүйүндү! Коюн ийнине көтөрүп алып, үйүнө алып келди. Эми кой толук коопсуз.
Койчу досторун чакырды: жоголгон коюмду таптым, кубанычымды тең бөлүшкүлө!»

Бир кой ал үчүн абдан маанилүү болду. Ал аны издеп тапты, аны жакшы көрчү.

Ыйса – биздин жакшы Кайтаруучубуз.

Балдар, а силер Анын үнүн тааныйсыңарбы? Анын артынан ээрчийсиңерби?

Ыйса менен биз толук коопсузбуз. Ал бизге керектүүнүн бардыгын берет. Ал дайыма биз менен болуп, кыйынчылыкта калтырбайт. Ага карабай көптөгөн адамдар Андан алыстап, өз жолдорунда адашып жүрүшөт…

Эмне үчүн антишерин түшүнүү мүмкүн эмес!


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Ыйса

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 11:20 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)