STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 026 (A friend betrays Jesus)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

26. Ыйсаны досу сатканда


Доспу же душманбы? Кандай деп ойлойсуңар?

Ал Иерусалимдин кууш көчөлөрүндө арт жагына улам кооптуу кылчактап келатты. Акыры ыйык кызмат кылуучунун короосуна жетти. Ал жерде, жабык эшик артында, Ыйсаны өлтүрүүнү ойлогон адамдар чогулган. Эшик такылдаганын ачышса эле, Ыйсанын шакирти турат. Таң калып калышты.

Ыйсанын досу душмандарга келди… Бул эмнени билдирмек?

Жүйүт: «Ыйсаны кайсы жерден кармоого болорун айтсам, силер мага эмне бересиңер?»

Ыйсанын душмандарынын жүздөрүнөн кытмыр күлкү көрүндү.

Ыйык кызматчы: «Отуз күмүш тыйын беребиз».

Кутум сүйлөшүлдү. Ыйык кызматчынын короосунан Жүйүт ыраазы болуп чыкты.

Абийир: «Жүйүт, сен Ыйсанын шакиртисиң. Аны кантип акчага сатып иесиң?»

Аны абийири абдан кыйнады болуш керек. Үч жыл бою ал Ыйсанын досу саналып, бирок жүрөгү Андан алыс эле. Эми болсо Аны сатуу үчүн ылайыктуу учурду күтүп атты.

Бирок Ыйса ар бир адам тууралуу бардыгын билет. Ыйса мындай болорун билген. Өлтүрүшөрүн билген Ал Гетсемани багында сыйынып атты. Капыстан кандайдыр бир кобур-күбүр үн чыкты. Бул кылыч, шамана кармаган аскерлер менен келаткан Жүйүт болчу.

Доспу же душманбы?

Ыйса бир жолу мындай деди: «Ким Мени менен болбосо – ал Мага каршы».

Жүйүт Ыйсаны достуктун белгиси болгон өбүү менен сатты.

Аскерлер Ыйсанын жанына жетип барып, Аны кармашты.

Алар Ага ташбоор мамиле кылышты. Урушту, бетине түкүрүштү. Андан кийин бейкүнөө Адил адамды сотко алып келишти.

Жалган жалаачылдар Аны күнөөлөштү. Ийбадаткананын кызматчысы Ага кыйкырды:

Ийбадаткана кызматчысы: «Өзүңдү коргоп айта турган сөзүң жокпу?»

Ыйса үндөбөдү. Ооз ачып, бир сөз да айтпады.

Ыйык кызматчы: «Сен Кудайдын Уулусуңбу, айтчы бизге?»

Ыйса: «Ооба, бул чындык!»

Эл: «Эч кандай!»

Эл: «Биз Ага ишенбейбиз!»

Эл: «Ал өлүмгө татыктуу!»

Эл: «Алып кеткиле Аны!»

Эл: «Ал өлүшү керек!»

Алар ишенгилери келбеди. Андан ары эмне болду?

Бул тууралуу эмки уктурууда биле аласыңар.


Катышуучулар: Айтып берүүчү (жана абийир), Жүйүт, Ыйык кызматчы, Ийбадаткана кызматчысы, Ыйса, эл

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 09:35 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)