STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 025 (The saddest story)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

25. Эң кайгылуу окуя


Балдар, кимдин эч качан туулган күнү болгон эмес, билесиңерби?

Адам ата менен Обо эненин! Анткени алар туулган эмес да, аларды Кудай жараткан. Бирок алар абдан бактылуу болушкандыктан, ар бир күн алар үчүн туулган күндөй эле. Алар Кудай менен жашашчу. Аны менен сүйлөшүп, Анын үнүн угушчу. Согуш, оору, кооптонуу деген болгон эмес. Кудай аларга баарын ашыгы менен берип, мындай деген:

Кудай айтты: «Бактагы ар кандай дарактын жемишинен жесең болот, бирок жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, анткени андан даам таткан күнү өлүп каласың».

Жалгыз ушул бактан башкасынын баары аларга таандык болчу. Адам ата менен Обо эне Кудайды сүйүшчү жана Ага жан-дили менен баш ийишчү.

Бир жолу адамдын Кудай менен мамилеси жакшы болушун каалабаган бирөө үн катты. Бул шайтан болчу. Ал мурда периште болгон, кийин текеберденип Кудайга теңелгиси келген, ошондуктан аны бейиштен кууп чыгышкан.

Шайтан: «Кудай чын эле: «Бейиштеги эч бир дарактын жемишинен жебегиле», - деп айтты беле?»

Обо эне: «Ушул дарактан башка дарактардын жемиштеринен жесек болот. Анткени бул дарактын жемишинен жесек, өлүп калабыз».

Шайтан: «Өлбөйсүңөр».

Кудайдын душманы – карыган жалганчы. Ал Кудайдын Сөзүн бурмалап, шектенүү себет. Жүрөгүнүн тереңинде Обо эне Кудайдын осуятын билчү, ошентсе да, азыткыны, шайтанды укту. Тыюу салынган бактын жемиши ага жагымдуу көрүндү, ал аны үзүп алып, өзү да жеди, Адам атага да берди.

Тил албастык – бул күнөө, а күнөө болсо шумдуктай кесепеттерге алып келет. Эми баары мурдагыдай болбой калды.

Кудай айтты: «Адам, сен кайдасың?»

Кудай чакырганда, алар коркуп кетишти, Кудайдан жашынышты. Алар бири бирин күнөөлөштү. Күнөө бакыт алып келбейт, адилеттүү Кудай бизди күнөө үчүн жазалайт. Күнөөнүн куну – өлүм, өлүм деген – Кудайдан түбөлүк ажыроо! Адам ата менен Обо энеге бейиштен кетүүгө туура келди.

Эң эле коркунучтуу окуя болду – дүйнөгө күнөө кирди. Ошондон бери ар бир адам – күнөөкөр. Бирок Кудай – сүйүү, ошондуктан Ал ошондо эле бизге күнөөлөрүбүздү Өз мойнуна алып, бизге баарын башынан баштаганга мүмкүнчүлүк бере турган Куткаруучу жиберерин убада кылган.

Ал Куткаруучу Ким экендигин эмки уктурууда уга аласыздар.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, шайтан, Обо эне, Кудайдын үнү

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 09:30 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)