STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 023 (Peter starts again 8)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

23. Петир кайра жаңыдан баштайт 8


Бала: «Бектенге эмне болгон?»

Кыз: «Бүгүн ал кандайдыр башкача».

Бала: «Адатынча тамашалабайт дагы».

Кыз: «Өтө эле жоош болуп калыптыр».

Бектендин кабагы абдан бүркөө. Ал далысына көрүнбөгөн оор рюкзак көтөрүп жүргөн. Ал рюкзакта эмне бар эле? Бул тууралуу ал эч качан сөз кылчу эмес.

Кызык, ал жекшембилик мектепке барганда рюкзактын оордугун өзгөчө катуу сезди. Бул артындагы оор жүк менен Кудайга эч качан жага албастыгын Бектен билчү.

Үйдү көздөй терең ойго чөмүп баратты. Жалгыз болгусу келгендиктен бөлмөсүнө кирип кетти.

Жонуна көтөрүп жүргөн оор жүк азыр оюнда турду:

• дүкөндөн уурдап алгандардын баары

• апасынын капчыгынан билдирбей алып алган акчалар

• башкаларга таасир калтырам деп айткан адепсиз тамашалар, жалган сөздөр

Мындан ары минтип жүрө берүүгө болбойт, – деп ойлоду Бектен. Библиялык окуялардан Ыйса баарын жаңылай ала турганын билчү. Баарын жаңыча баштоо – Бектенге ушул керек болчу. Ошондуктан ал мурда бир да жолу кылып көрбөгөн нерсени кылды – сыйынды. Ыйсага баарын мойнуна алып, чынын айтып берди да, өкүнөрүн билдирди.

Бектен көрүүгө болбой турган, бирок дайыма жаныбызда болуп, бизди угуп турган Бирөө менен сүйлөштү.

Бектен: «Теңир Ыйса, мен тууралуу бардыгын билсең да мени жакшы көргөнүң үчүн сага ыраазымын. Сенден суранам, калп айтканым үчүн, уурулук үчүн жана жаман сөздөрүм үчүн мени кечир. Мага таза жүрөк берчи, менин жашоомо кирип, менин Теңирим болчу. Оомийин».

Сыйынары менен жеңилдей түшкөн Бектен кубана мындай деди:

Бектен: «Ыйса Теңир, мени кечиргениң үчүн жана дайыма мени менен болоруң үчүн сага ыраазымын!»

Бектен өзгөргөнүн айланасындагылардын баары билди. Өзгөрүүнүн себеби эмнеде экенин, кээ бирлер шылдыңдап, түшүнүшпөсө да, ал баарына айтып берди.

А сен жонуңдагы ушул жүктү сезесиңби?

Рюкзагыңда эмне бар экенин мен билбейм, бирок мен бир нерсени так билем – сен баарын Ыйсага айтып берсең болот. Бектен сыяктуу кыл сен да. Анан бул тууралуу бизге жазып жибер.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, бала, кыз, Бектен

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 09:25 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)