Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 108 (Bela‘s Bible)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

108. Беланын Библиясы


Цыган фургону айылдын көчөсүндө кылдырап баратты. Балдар кол булгалап жатышты.

Баро: «Ата, мен фермердикинде иштегим келип атат».

Атасы: «Ал жактан бат эле тажап кетесиң».

Апасы: «Баро иштейм дейби? Мына кызык тамаша!»

Анын иштейм дегенине ата-энесинин ишенбестик менен караганы Баронун көңүлүн чөгөрдү. Алар кийинки айылга киришкенде, ал фургондон ыргып түштү да, качып кетти.

Барого фермерлердин терезеде гүлдөрү өскөн үйлөрү жакчу. (Эшиктин тыкылдаганы)

Фермер: «Кириңиз! Ким бул?»

Баро: «Менин атым Баро. Силердикинде иштесем болобу?».

Фермер: «Жакшы, жакшы. Так ушул кезде картошка казып аттык эле, жардам керек болуп аткан. Биринчи тамактанып алышың керек. Кир».

Ашканадан келген жыт Баронун мурдун өрдөп кетти.

Фермер: «Биз тамактанардын алдында сыйынабыз. "Бардык жакшы белек жана эмнебиз бар болсо, анын баары Сенден Теңир. Сага баары үчүн ыраазыбыз. Оомийин"».

Баро үчүн сыйынуу жана Кудай Сөзүн окуу жаңы нерсе болчу, мындайды көргөн эмес эле.

Кичипейил фермердикинде болгон ага жагып калды. Аягында бели ооруп калганына карабай, иштегенине да кубанып атты. Бир апта өттү. (Иттин үргөнү угулат)

Баро: «Эмне болду, Нерон? Топ ойнойсуңбу?»

Нерон кулагын түрүп калды. Баро да тыңшап турду. (алыстан скрипканын үнү угулат)

Баро: «Нерон, бирөө скрипка чертип атат. Менин ата-энем болуш керек. Оттун жанында, кирпи кууруп, ырдап отурушат. Негедир кусалана түштүм. Түшүнөсүңбү?»

Баро ашканага башбакты. Эч ким жок экен. Ал стол үстүндөгү Библияны алды да, караңгылыкка сүңгүп кетти.

Атасы: «Баро, акыры келдиң, ээ. Бизге бирдеме алып келдиңби?»

Баро: «Мен силерге мобу китепти алып келдим».

Апасы: «Аны бизге Гудло окуп берет».

Гудло: «О, карасаңар! Бул ыйык китеп. "Теңирибиз Ыйса Машайактын Жаңы Келишими"».

Апасы: «Жакшы китеп экен. Окуп берчи бизге!»

Гудло: «Бир адам Ыйсага келип, мындай деп сурады: Куткарылышым үчүн эмне кылуум керек? Ыйса ага мындай деп жооп берди: Кудайдын осуяттарын аткар. Уурдаба…»

Атасы: «Уурдаба?»

Цыгандар бири-бирин күнөөлүү карады, анткени ар бири уурдаган да. Баро болсо, азыр эле Библияны уурдап алды. Бирок ал ошол эле күнү кечинде кайра алып барып берди.

Фермер: «Баро, сен бизди таң калтырдың! Биздин Библияны алдың беле? Мен аны сага тартуу кылам!»

Баро: «Чын элеби? Силерге бербей эле коёюнбу?»

Баро аябай сүйүндү. Библия аркылуу цыгандар Ыйсаны таанып, Ага ишеним артууну үйрөнүштү.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Баро, атасы, апасы, Гудло, фермер

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on November 06, 2020, at 11:56 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)