STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 099 (Safari quiz)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

99. Табышмактуу сафари


Биз Сафариге жол тарттык. Балдар, силер да биз менен барасыңарбы?

Бала: «Биз жаныбарларды издеп, Библияга саякатка чыктык!»

Кыз: «Алардын кээ бирлери таң каларлык сонун!»

Силер алардын кээ бирлерин билериңерден эч шектенбейм. Кааласаңар, алар кайсы жаныбарлар экенин жазып жибергиле.

Биринчи кезекте биз Египетке жөнөйбүз. Бул жерде ысык, күн тийип турат. Ысрайылдыктар 400 жыл ушул өлкөдө кул болушкан. Алар Кудайга куткаруусун сурап жалбарышкан. Кудай алардын сыйынуусун укту. Бирок фараон кое бергиси келген эмес.

Жазалоо үчүн Кудай Мисирге бир жаныбарларды каптаткан. Алар көптүгүнөн жер үстүн бүт каптап калган. Мисирликтердин үйлөрүнө, төшөгүнө чейин кирген. Булар кайсы жаныбарлар эле?

Кудайдын элчиси Илияс алыс жолду басып өтүп, дарыяга келди. Ал жерде ал көпкө отурду. Куштар ага эртең мененки, кечки тамактарын алып келип берип турду. Нан менен этти ага кайсы куштар алып келди эле, «авиапочта» аркылуу.

Мен азыр эле Биламды эстедим. Ал Кудайдан алыс болчу. Бир жолу ал бир жаныбарды минип бараткан. Аны сабаганда, ал жаныбар адамдын тили менен сүйлөп жиберген. Бул кайсы жаныбар эле?

Балдар, силер албетте, Арарат тоосун билесиңер да. Нухтун кемеси улуу топон суудан кийин мына ушул тоого токтогон. Кайсы куш жердеги суунун деңгээли бир кыйла төмөндөгөнүн билдирип, тумшугуна жашыл бутакча тиштеп келген?

Сафаридеги саякатты улантабыз. Кийинки биз бара турга жер – Бабыл, кулчулук мезгилинде Даниел пайгамбар жашаган жер.

Кыз: «Мен андан үлгү алам! Ал күнүнө үч маал сыйынган!»

Ошонусу үчүн аны жеп салышсын деп, ачка жаныбарлардын оруна ташташкан. Бирок Кудай алардын оозун тосуп койгондуктан, алар Даниелди жей алышкан эмес. Ал кайсы жаныбарлар эле?

Библиядагы кайсы жаныбар эң куу деп аталды эле? Жылан. Анын жардамы менен шайтан алгачкы адамдарды азгырып, тил албастыкка алып барган.

Бала: «Эгер андай болбогондо, баары Кудай менен бактылуу жашашмак».

Бирок, аттиң, ошондой болуп калган, ошондуктан ар бирибиз табиятыбыздан Кудайдан алыспыз. Ыйсанын бизди оңой эле жолдон адашып кала турган жаныбарларга салыштырганы да ошол себептен.

Ал кандай жаныбар?

Ыйса – ак ниет Кайтаруучу. Ал адамдарды атынан чакырат, анткени аларды сүйөт.

Балдар, силер төртөөнү болсо да, атай алдыңарбы? Жообуңарды жазып, жөнөтүп ийсеңер, абдан кубанычта болом.

(Жооптор: бакалар, карга, бүркүт, көгүчкөн, арстан, кой)


Катышуучулар: Айтып берүүчү, бала, кыз

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 10:38 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)