STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 100 (Join us)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

100. Биз менен бирге катыш


Аделина балет курсуна катышат. Таттыгүл каникулда ат мингенди үйрөнүү сабагына барсам дейт. Мурат дзюдо мектебин ийгиликтүү аяктады.

А мен силерди керемет, укмуштай сонун библиялык курска чакырам.

Ал акысыз өткөрүлөт. Ал сабакта суроо-жооптор болот: силер суроолорго жооп берип, сырдуу жазууларды чечмелешиңер керек. Анан силер Кудай тууралуу, өзүңөр тууралуу көп нерселерди билип каласыңар!

Аделина: «Мен ушундай курстан өткүм келет. Ага кантип катышса болот?»

Мага жазгыла, а мен силерге бул курсту салып жиберем. Катыңарды күтөм.

Жыпар бул курсту өтүп, бардык беш бөлүк боюнча суроолорго жооп берди.

Жыпар: «Аябай кызыктуу экен, эриктирген эч нерсе жок».

Аделина: «Мен катталбасам, көп нерседен куру калчудаймын».

Мага да ошондой сезилет. Кечиктирбей бүгүн эле жазыл.

Силер да балдар, бүгүнтөн баштап бул курстан өтө баштасаңар болот.

Бул курстан өткүлөрү келген досторуңар болсо, аларга да айтсаңар болот. Курска баарыңар чогуу тапшырык (заказ) жөнөтсөңөр болот.

Силер билесиңерби, Ким 12 жашында Библияны чоң кишилер таң калгыдай жакшы билчү эле? Ал берген суроолорду, аларга берген жоопторду чоңдор аң-таң калып угушкан.

Бул окуя Иерусалимдеги ийбадатканада, 2000 жылдай убакыт мурда болгон.

Ал Ким эле, билесиңерби?

Билесиңер деп эле ойлойм. Ал Кудайдын Уулу Ыйса болгон.

Биздин библиялык курс аркылуу Аны жана Анын Сөзүн мындан да жакшы билип каласыңар.

Библиялык курска жазылгыла, ошондо силер Библия тууралуу көбүрөөк билип каласыңар. Ким Библияны окуса, ал көптү билет!

Аделина: «Мен бул курска сөзсүз жазылам!»

Силерчи балдар? Силердин катыңарды күтөбүз. Жазылууну чечсеңер, кубанабыз.

Биздин библиялык курска балдарды чакырууну чечсеңер, өз тилиңерге которушуңар үчүн, курстун материалын салып жиберебиз.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Аделина, Жыпар

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 10:41 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)