STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 073 (Shock in the classroom 1)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

73. Класстагы нес болуу 1


Каникул аяктады. Кандай өкүнүчтүү! Бирок бул окуу жылы зериктирбейт. «Оук Три» деп аталган америкалык мектептин окуучулары мына ушинтип ойлошту. Бул мындан көп жыл мурун болгон. Окуучулар анда-мында топ-топ болуп чогулуп турушкан. Алар бир аз эски модада кийингендей көрүнүшөт, бирок ошол кезде баары ошондой кийинишчү. Мактанганды жакшы көрүшчү, өзгөчө Жим. Ал эмнени айтпасын, классташтары каяша айтчу эмес.

Жим: «Уксаңар! Жаңы мугалим келип, кыйынсына турган болсо, биз ага көрсөтөбүз! Мурдагы үч мугалимдей болуп, бат эле качып кетет!»

1-окуучу кыз: «Ушундай тил алчаак, момун болсок да, биз менен иштеше алышпайт». (баары күлүшөт)

2-окуучу кыз «Ооба, мына, келатат! Жүргүлө батыраак класска!»

1-окуучу кыз: «Биздин мектепке муну кайсы шамал айдап келди экен?»

2-окуучу кыз: «Директор аны бизге Кудай жиберди дейт».

Жим: «Биз аны бат эле качырабыз!» (баары күлүшөт)

(коңгуроо шыңгырайт)

Коңгуроо кагылды. Жим достору менен арткы орундукка отурду. Алар эмне болор экен деп кызыгып отурушту. Мугалим класска кирди. Жагымдуу көз караш менен окуучулардын бардыгын сыдырып өттү.

Мугалим: «Кутман таң, кымбаттуу балдар. Бул жылды биз жакшы өткөрүшүбүз керек. Эгерде окуу жылыбыз жакшы болсун десек, аны жакшы башташыбыз керек. Келгиле, ордубуздан туруп, сыйыналы».

Сыйыналы? Окуучулар таң калып калышты. Дабдырап калган Жим эки колун бириктирип, сыйынууга турду.

Мугалим: «Ыйса Теңир, бизге бул жылда чогуу эмгектенгенге, бири бирибиз менен жакшы мамилелешкенге батаңды бер. Ар бир окуучу үчүн Сага ыраазымын. Ар бири Сени таанып калса экен, анткени Сен алардын ар бирин жакшы көрөсүң. Оомийин».

Окуучулар эмне болгонун түшүнүшкөн жок. Мугалимдин сыйынуусу алардын жүрөгүнө тийди. Мугалим алардын Ыйсаны таанып калышын каалады, анткени Ыйса аларды жакшы көрөт. Алар мындай сөздөрдү эч качан уккан эмес. Булар тууралуу ойлонгонго аларда убакыт болгон жок. Өздөрүнө келгенге үлгүрө электе эле, алардын дагы бир нерсеге ооздору ачылды. Андан ары эмне болгонун силерге эмки берүүдө айтып берем.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Жим, эки окуучу кыз, мугалим

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 03:37 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)