STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 014 (A slap for the King)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

14. Падышаны жаакка чапканда


Илгери-илгери викингдер Англияны басып киришкен. Викинг деген байыркы замандагы жоокер калк болгон. Бул эр жүрөк деңиз аскерлери баарынын үрөйүн учуруп, чуулган салышкан. Талап-тоноп, өлтүрүп, үйлөрдү, сыйынуу үйлөрүн өрттөшкөн.

Улуу Альфред падыша канча бир убакыт алардын чабуулуна туруштук берди, бирок акыры викингдер жеңишке жетишти. Падыша өзүнүн ордосун таштап, душмандардан качып кутулууга аргасыз болду.

Ал селсаяк кейпин кийип, токойлордо жашынып жүрдү. Таанылбаган падыша! Бул тууралуу кээ бир жакын адамдары гана билчү. Алардын бири Ульфрик аттуу койчу эле. Ал өзүнүн падышасын эч качан сатпайт болчу. Ульфрик падышаны үйүнө кабыл алды, бирок анын аялы да бул адам ким экенин билген жок. Конок көп убакыт ойго чөгүп отурганына ал таң калчу. Падышаны тааныган жок.

Бир күнү ал конокту уруша баштады:

Аял: «Тажаттың мени! Жетишет, керелден кечке бекер отурасың. Мештеги нанды карап отур, күйүп кетпесин, мен суу алып келем».

Улуу Альфред падыша үндөбөстөн мештин жанына келди. Оюнун баары эле душмандарда эле: аларды эмне кылыш керек? Мүмкүн аларды жеңүүнүн кандайдыр бир жолу бардыр.

Терең ойго баткан аны күтүүсүздөн жаагына «шак» дей түшкөн алакан селт эттирди. Аял келсе, наны күйүп калыптыр. Үйдүн ичи буруксуп күйүк жыттанат.

Аял: «О, жалкоо десе! Жогол нары!»

Ушул учурда ашканага күйөөсү кирип келди.

Койчу: «Падышага да ушинтип кыйкырабы?! Чын эле сен аны тааныган жоксуңбу?!»

Андан ары эмне болгонун биз эч качан биле албайбыз.

Бирок таанылбаган падыша тууралуу баян Ыйса Теңирди эсиме салат. Ага андан да жаман болгон. 2000 жылдан ашуун мурун Ал мал акырда жаткан, Аны дээрлик эч ким тааныган эмес. Чоңойгондо да Аны – Кудайдын Уулун эл кабыл алгысы келген жок. Элге жек көрүнүп, соттолгон Ал айкаш жыгачка кадалды.

А бүгүнчү? Ал бүгүн да көп учурда таанылбаган падышага окшош.

Аны жашооңдун Падышасы кылып кабыл аласыңбы?


Катышуучулар: Айтып берүүчү, аял, койчу

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on January 22, 2019, at 02:29 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)