STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 015 (The baked Bible)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

15. Бышырылган Библия


Аял: «Келатышат! Келатышат!»

Нан бышырып отурган аял капысынан терезени карап, машайакчыларды куугунтуктоочулар келатканын көрүп калды. Алар үйлөрдүн баарын тинтип, Библияларды, рухий ыр жыйнактарын тартып алып, өрттөп жүрүшкөн!

Кишилер: «Ачкыла! Ачкыла батыраак!» (Эшик катуу такылдаган үн)

Эмне кылыш керек? Ал баа жеткис Библиясын алды да, камырга ороп, мешке сала койду. Андан кийин гана коркконунан калтырып, эшикти ачты. Кишилер кирип, шкаф, баштык-үштүктөн эч нерсе калтырбай тинтип киришти.

Үйдү үч көтөрүштү, бирок эч нерсе таба алышпады. Ороңдоп урушуп, эшикти тарс жаап чыгып кетишти. (эшиктин жабылган үнү)

Аял айлана тынчып калган кезде мештеги ичинде бүтүн, эч зыян келтирилбеген Библия катылган бышкан нанын алып чыкты.

Ал аял үйдө Библияны кармаганга тыюу салынган өлкөдө жашачу.

Бирок ал адамдарды эмес, Кудайды угуп, Кудайдын Сөзүн жашырынып окуй турган. Бул ага ар күнү жаңы күч, кайрат берип турчу.

(музыка)

Теңирдин буйруктары адилет, жүрөктү кубантат. Теңирдин осуяттары жарык, көздү ачат;

Теңирден коркуу – таза нерсе, ал түбөлүктүү. Теңирдин өкүмдөрү адилет, бардыгы туура;

Алар алтындан да, көп таза алтындан да баалуу; балдан да, эң таттуу балдын тамчысынан да ширин;

Өз кулуңду ошолор сактап жүрөт. Аларды сактагандарга чоң сыйлык! (Забур 18:9-12)

Балдар, силердин үйүңөрдө Библия барбы? Ал текчеде чаң басып турбасын. Аны окуп, Кудайдын силерге айткандарына кубангыла.

Эгерде Библияңар жок болсо, окугуңар келсе, бизге билдиргиле.

Мүмкүн силер үчүн да Библия баарынан кымбат китеп болуп калаттыр.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, аял, кишилер

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on January 22, 2019, at 02:29 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)