Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 008 (Earthquake at midnight)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

8. Түн ичиндеги жер титирөө


Кеме Филипи шаарындагы портко келип токтоду. Пабыл шериги Сылас менен жээкке чыгып, шаарга киришти.

Алар көчөдөгү, аянттардагы адамдарга мындай деп айтып жүрүштү:

Пабыл: «Кудай силерди сүйөт. Ал бул дүйнөгө Өз Уулун жиберген. Ыйса Теңирге ишенгиле, ошондо куткарыласыңар».

Лидия ишенип, Ыйса тууралуу кубанычка батып укту. Башкалары нааразы болуп, ачуулана кыйкырышты:

Адам: «Булар шаардын тынчтыгын бузуп жатышат! Уккубуз келбейт буларды. Бул жактан алыс кубалап салалы!»

Колдоруна таш алып, Кудайдын элчилерин көздөй жүткүнүштү. Ою жаман адамдар Пабыл менен Сыласты кармап алышып, кийимдерин тытып, чыбык менен сабашты. Аларды караңгы, сыз түрмөгө таштап коюшту. Түрмө күзөтчүсү алардын колу-бутуна оор кишен салды. Пабыл менен Сылас денелери, колу-буттары ооруп, кыйналышты.

Алар даттанып, «Эмне үчүн Кудай ушуга жол берди?» дешкен эмес. Анын ордуна алар түн ортосунда Кудайга мактоо ырларын ырдашканын Библиядан окуйбуз. Ошондо керемет болду: Кудай аларга жардам берди, Ал жерди катуу титиретип, алардын кишендерин талкалап, түрмөнүн эшиктерин ачып койду. Түрмө күзөтчүсү ойгонуп кетип, туткундардын баары качып кеткен экен деп ойлоду. Жетекчилерден коркконунан өзүн өзү өлтүргүсү келип, кылычын ала калды…

Пабыл: «Токто! Өзүңө зыян кылба. Биз баарыбыз бул жердебиз!»

Чын эле, эч ким качкан жок. Күзөтчү калтыраган бойдон Пабылдын алдына жыгылды.

Түрмө күзөтчүсү: «Куткарылышым үчүн эмне кылышым керек?»

Пабыл: «Сага эч нерсе кылуунун кереги жок. Сен үчүн Ыйса баарын кылып койду. Сен жөн гана Ага ишен, ошондо куткарыласың».

Эң жөнөкөй. Түрмө күзөтчүсү ишенип, өзгөрдү. Эми ал камактагыларды кыйнабай, тамактандырып, жарааттарын дарылап калды.

Эртеси күнү эртең менен сот түрмө башчысына тиги эки адамды бошоткула деген тапшырма менен киши жиберди. Алар келишти да, аларга жаман мамиле кылышканы үчүн кечирим сурашты. Андан кийин Пабыл менен Сылас көп жерлерди кыдырып, элге мындай деп айтып жүрүштү:

Пабыл: «Ыйса Теңирге ишенгиле, ошондо куткарылып, түбөлүк өмүргө ээ болосуңар!»


Катышуучулар: айтып берүүчү, Пабыл, адам, түрмө күзөтчүсү

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 10, 2018, at 03:52 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)