STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 158 (Reward for M. 3)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

158. Мордохайга сыйлык 3


Эстер ханыша абдан кайраттуу эле. Ал өмүрүн тобокелге салып, Персия падышасына чакыруусуз кирип барды. Өз элин – жүйүттөрдү куткарып калуу үчүн так ушундай кылуу керек эле.

Акашбейрош падыша сөөлөттөнө тактыда отурган. Эстерди көрүп, ага алтын аса таягын сунду. Бул аны кабыл алды дегенди билдирмек.

Падыша: «Эстер ханыша, эмне болду? Каалаганың эмне?»

Эстер: «Падышам, сизди жана Аманды түшкү тамакка чакырууга келдим».

Падыша: «Желдеттер, Аманды тезинен бул жакка чакыргыла! Ханыша бизди түшкү тамакка чакырып жатат».

Эстер аларга даамдуу тамак жасады.

Падыша: «Эстер ханыша, дагы эмне каалайсың? Кааласаң, жарым хандыгымды берем!»

Эстер: «Суранам, эртең да түшкү тамакка келиңиз. Аманды да ала келиңиз. Ошондо мен эмне каалаганымды ачыктайм».

Арамза Аман үйүнө жайдары келди да, мактана баштады.

Аман: «Мен улуу даражалуу төрөмүн. Мени ханыша падыша менен кошо тамакка чакырды. Мени эле! Мени эртең да чакырат. Бир гана нерсе кыжырымды кайнатат: Мордохай дагы эле мага таазим кылгысы келбейт!»

Аялы: «Анан сен аны тим коесуңбу? Бул жүйүттү буйрук берип, астырып салбайсыңбы!»

Эстердин баккан атасы Мордохай үчүн Аман дарга даярдап койгонун Эстер билген эмес. Дарга 25 метрлик, аябай чоң эле. Кудай баарын көрүп турган. Кудай бийлик кылып турат! Ал Акашбейрош падышанын түн уйкусун алды.

Падыша: «Желдет, уйкум качты. Күндөлүк жазуулар китебимди алып келип, мага жакынкы аралыкта эмнелер болгонун окуп берчи».

Ал китепте падышага кол салуу уюштурулганда Мордохай падышаны сактап калганы жазылуу эле.

Падыша: «Мордохайга бул үчүн эмне сыйлык берилди эле?»

Желдет: «Эч кандай».

Кийинки күнү Аман ордого Мордохайды астырууга падышадан уруксат сураганы келди.

Падыша: «Аман, падыша сый көрсөткүсү келген адамга эмне кылса болот?»

Аман болсо «Падыша мени сыйлаган аткан экен» деп ойлоду.

Аман: «Мындай адамга падыша кийимин, башына таажы кийгизип, падышанын аттарынын бирине мингизип, көчөнү аралатып чыгыш керек. Падышанын желдети жанына басып: «Падыша урмат көрсөткүсү келген адам мына!» – деп кыйкырышы керек».

Падыша: «Аман, сен азыр Мордохайга ушундай кыласың!»

Аман кубарып кетти.

Кийинки берүүбүздө бул библиялык окуя эмне менен бүткөнүн биле аласыңар.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, падыша, Эстер, Аман, аялы, желдет

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 13, 2018, at 08:11 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)