STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 087 (I don’t want to live any more)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

87. Мындан ары жашагым келбейт


Класстагы окуучуларга баа коюп атышты. Кубанганынан Жаркындын жүзү жадырап турду. Бештерин ата-энесине көрсөткөнгө шашып атты. Кубаттын тескеринче көңүлү аябай чөктү. Түнөргөн бойдон китептерин жонбаштыгына салып жатты.

Бектур: «Кубат, велосипед тебебизби бүгүн?»

Кубат: «Жок, бүгүн баралбайм».

Бектур: «Эмне эле кыбырап атасың? Же эмне, бүгүн бул жакка түнөйсүңбү?»

Кубат: «Сен бара бер. Менин үйгө баргым келген жок. Математикадан – минусу менен үч. Орус тилинен – эки. Атам көрсө, өлтүрөт мени. Андан көрө өзүмдү өзүм өлтүрөм. Мен мындан ара жашагым келбейт. Мен келесоомун, келесоолорду ким жакшы көрсүн!»

Бектур: «Кайдагыны айтпачы! Атаң сени жакшы көрөт. Ал сага белек сатып берип жүрбөйбү».

Кубат: «Ой, койчу! Ал өзүн анан жумушун гана жакшы көрөт. Калганы маанилүү эмес ал үчүн».

Бектур: «Менин атам эле укмуш сонун дейсиңби? Мени бир туура эмес иш кылып алсам эле байкайт. Мага атырылып, урушат. Бул мага катуу тиет аябай. Менин да кээде жашагым келбей кетчү».

Кубат: «Анан, азыр эмне болду?»

Бектур: «Азыр мен Ыйса бар экенин билем. Ал мени баарын туура кыла албаган учурда да сүйөт. Мен Ага бардык учурда келе алам. Ал мени бардык кемчиликтерим менен кабыл алат. Ал менин Досум. Аны көрбөсөм да, Ал дайыма мени менен экенин билем. Ал менден күчтүү болушумду талап кылбайт, атургай мен Ага ыйлайм. Ошондо жакшы болуп калам, ишенип кой мага».

Кубат: «Сага жакшы! Мен да сен сыяктуу ишене алсам!»

Бектур: «Кел, велосипед тепкенче сүйлөшөбүз. Сени менен барайынбы? Атаң урушпайбы, эгер мен сени менен чогуу барсам?»

Кубат: «Чын эле, ошентсек болот. Сен жакшы доссуң!»

Бектур: «Каникулдан кийин, кээде үй тапшырмасын чогуу аткарып туралы».

Бектур досун жалгыз калтырбаганы жакшы болду. Кубат болсо баары бир эле жазыла албады. Бирок керемет болду: атасы бааларын көрүп, ачууланган жок. Атургай өзү да мектепте окуп жүргөндө көп эле начар баа алып жүргөнүн айтты.

Ата-эне балдарынан жеткилеңдикти талап кылганда, балдарына кыйын болот. Ыйса ата-энелердей эмес. Ал сени кандай болсоң, ошол бойдон кабыл алат. Ал сени бардык күчтүү да, алсыз да жактарың менен сүйөт. Сен эмнеге жөндөмдүү экениңди, ошондой эле эмнени кылуу сага кыйын экенин да билет. Ал сага жардам бергиси келет. Ошондуктан эч качан чөкпө, андан көрө Ага таян! Эгерде Ыйсаны билсең, сен дароо эле класстагы эң жакшы окуучу болуп калбайсың, бирок Ал сага ийгиликке жетүүгө жардам берет. Ал сени иреттүүлүккө, жан дилиң менен окуганга үйрөтөт.

Көңүлүңдү чөгөрбө, Ыйсага таян! Аны менен сен ойлогондон да көп нерселерди кыла аласың!


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Бектур, Кубат

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 09:30 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)