STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 054 (Someone cries, the others smirk 2)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

54. Бирөө кыйкырса, бирөө шылдыңдайт 2


Алыскы Ысрайылдын түндүгүндө он бир тууган кой кайтарып жүрүштү. (маараган койлордун үнү)

Кичүү бир тууганына карата ич тардык аларды беймаза кылды.

1-бир тууган: «Кызык, түш көргүч Жусуп эмне кылып атты экен?»

2-бир тууган: «Ошондо Кудай ага ал улуу-урматтуу болуп, а биз ага таазим кыларыбызды айткан имиш! Ха-ха! Мындан күлкүлүү эч нерсе уга элек болчумун».

1-бир тууган: «Атам ага берген кооз кийимин көргөндө, чындап эле ичим тарыйт».

2-бир тууган: «Токтотолучу ушул сөздү. Мындай сөздөн адамдын маанайы эле бузулат. Андан көрө койлор үчүн жашыл шиберлер жөнүндө сүйлөшөлүчү, маанилүүрөөк».

Ал ортодо атасы алар үчүн кабатыр болуп атты.

Атасы: «Жусуп, бир туугандарыңан санаам тынчыбай атат. Кантип атышты экен, аман-соо жүрүшөбү? Койлорго жырткыч тийбеди бекен? Барып, билип келсеңчи».

Жусупка кайталап айтуунун кереги жок эле. Ал ата-энесинин айтканын үн-сөз дебей аткарчу. Бир туугандары аны алыстан эле көрүштү.

1-бир тууган: «Карасаңар! Түш көргүчүбүз келатат! Ии, балдар, өлтүрөлүбү?»

2-бир тууган: «Жок! Андан көрө аңга салып салалы».

Улуу агасы Рубейиндин абийири жол бербей, бир тууганын сактап калууну ойлоду. Жусуп бир туугандарынын жаман оюнан капары жок, жандарына келди.

Жусуп: «Тынчтык болсун, агалар! Кандайсыңар?»

1-бир тууган: «Ишиң болбосун. Азыр кийимиңди мага бересиң, андан кийин мобу аңдан бизди акыркы жолу карайсың».

Жусуп: «Жок! Коё бергиле! Мен эмне кылдым эле силерге?» (аңга кулаганынын үнү)

Бул аң соолуп калган кудук болчу. Бактыга жараша түбүндө суу жок экен. Бирок аябай терең болгондуктан, Жусуп өзү чыга алган жок.

Жусуп: «Жардамга! Мени чыгарып койгулачы! Жардамга! Мен чыгышым керек. Угуп атасыңарбы? Жардамга!»

Бир туугандары көлөкөдө тамактанып, кытмыр күлүп отурушту. Бир убакта алыстан кербен көрүндү. Соодагерлер жүктөрүн төөлөргө жүктөп, түштүккө, Мисирге алып баратышкан.

1-бир тууган: «Мага бир ой келди. Келгиле Жусупту сатып иебиз».

2-бир тууган: «Жакшы ой, Жүйүт. Андан кутулабыз да, акчаны тең бөлүп алабыз».

Келишим аткарылды. Бир туугандары Жусупту 20 күмүш тыйынга сатып ийишти. Анын кооз кийимдерин калтырышып, атасына алып барышты. Кийим канга боёлгон эле.

1-бир тууган: «Ата, биз муну таап алдык. Караңызчы, Жусуптун кийимдери эмеспи?»

Отец: «Ооба! Жырткыч кол салган окшойт! Ал өлгөн турбайбы! Уулум Жусуп өлүптүр!»

Алар алдап, күнөөлөрүн жашырып коюшту, атасы болсо ишенип калды. Алардын жүрөгүндө караниеттик болгон, бирок Кудай бул караниеттиктин бардыгын Жусуп үчүн жакшылыкка айлантып койду.

Андан ары эмне болорун билүүгө чыдамым жетпей атат. Силердики дагыбы, балдар? Бул тууралуу силер эмки берүүдө биле аласыңар.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, эки бир тууган, Жусуп, атасы

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 11:39 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)