STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 028 (The very first Easter)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

28. Эң биринчи Пасах


Саламатсыңарбы балдар! Бүгүн эрте турдуңарбы?

Мариям курбусу экөө абдан эрте турушту. Бирок жүрөктөрү терең кайгыда эле. Аттиң ай, Ыйса тирүү болсо эмне! Бир нече күн мурун Ал айкаш жыгачта өлдү. Муну эстеген сайын алар ыйлап жатышты. Таңга жуук алар Ыйсанын мүрзөсүнө келишти.

Курбусу: «Мариям, карасаң! Таш жылып калыптыр… Ой, бул жерде Периште бар экен!»

Периште: «Коркпогула! Силер Ыйсаны издеп жатканыңарды билем. Ал бул жерде жок. Ал тирилди!»

Аларда үмүт пайда болду. Ананчы, албетте! Өлүп, үчүнчү күнү кайра тирилерин Ыйса аларга мурда айткан. Аны кантип унутуп коюшту экен?!

Периште: «Келгиле, Аны жаткырган жерди карагыла».

Аялдар мүрзөгө баш багып, ал бош экенин көрүштү!

Периште: «Баргыла, бул тууралуу шакирттерине айткыла!»

Сөз жеткис кубанычка бөлөнүп, элеп-желеп болгон аялдар шакирттерди көздөй чуркап жөнөштү. Ыйса тирүү!

Жолдон Ал Өзү аларга жолукту. Алар Аны көрүштү. Алар Аны сылашты. Ал алар менен сүйлөштү.

Ыйса: «Коркпогула! Баргыла да, башка шакирттерге айкыла».

Алар барып айтышты.

Мариям: «Ыйса тирүү!»

Курбусу: «Ал тирилди!»

Мариям жана курбусу: «Мүрзө бош!»

(төмөнкү аятты мелодиянын коштоосунда окугула)

Ыйса Библия аркылуу бизге мындай дейт: «Мени себепсиз эле жек көрүшөт» деген сөз аткарылышы үчүн ушундай болду. Мен силерге Сооротуучуну жиберем. Атамдан чыгып келе турган Ал чындык Руху келгенде, силерге Мен жөнүндө күбөлөндүрөт. (Жакандын Жакшы кабары 11:25-26)

Балдар, убактыбыз аяктап калды, силер менен машайакчылар Пасах майрамында – Машайак тирилгенинин майрамында бири бири менен учурашкан сөздөр менен коштошоюн:

«Ыйса тирилди! Тирилгени анык!»


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Мариям, Мариямдын курбусу, Периште, Ыйса

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 11, 2018, at 09:48 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)