Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 118 (Sled crash 2)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

118. Чаналардын кагышы 2


Балдар, мектепке чана менен баргыңар келеби? Майя менен Фридли Швейцариянын альпы тоолорунда жашашкандыктан, ар күнү эртең менен түздүккө чана менен түшүшчү. Бирок чогуу түшүшчү эмес, анткени алар бири бирин жек көрүшчү. Эмнеге келише алышчу эмес? Бир шейшембиде жагымсыз окуя болду. Фридли андай болушун такыр каалаган эмес. Бул кокусунан болду. Ал чана менен өтө катуу келатып, Маянын чанасына бир тийди. Экөө тең жантаймага учуп түшүштү.

Майя: «Келесоо десе! Акырын теппейсиңби! Сокурсуңбу?»

Фридли: «Кечирип койчу, Майя. Мен атайлаган жокмун. Кел жардамдашайын».

Майя: «Турчу нары! Сенсиз эле тура алам».

Фридли: «Ачууланбачы, макоо кыз!»

Майя мектепке кечигип келди. Аябай үшүгөн, китептери да суу болуптур.

Мугалим: «Майя, эмне болду?»

Майя: «Баарына Фридли күнөөлүү. Мени жантаймага түртүп ийип, таштап коюп качып кетти!»

Баары Маяга боору ачып, Фридлиге ачуулана карашты. Жан дүйнөсүндө Майя Фридлиден эч нерсеси менен өйдө эмес экенин эч ким билген жок. Класстагылардын баары апасы жок байкуш классташы тарапта болушту.

Адамдар сыртына карашты, бирок Кудай жүрөктү карайт.

Акырын үн Майя менен Фридлиге жек көрүү күнөө экенин айтып атты. Бирок Майя да, Фридли да биринчи кадам жасагылары келген жок. Бир аз убакыттан кийин абал оорлоду.

Жазында, кар эриген кезде Фридли тоонун этегинде Клаусту жолуктурду. Ал өзүнүн мыймыйы менен ойноп жүргөн.

Фридли: «Эмне кылып атасың?»

Клаус: «Майяга бергенге гүл терип атам».

Фридли: «Ой-ой-ой, Майягабы! Сенин эжеңдин акылы жок!»

Фридли Клаустун колунан гүлдөрдү жулуп алды да, жерге ыргытып, тебелеп салды.

Клаус: «Атама айтам!»

Фридли: «Айта албайсың!»

Фридли мыймыйды кармап, жарга жакындата кармады. Калганы көз ирмегенче эле болуп кетти. Мыймый тыткылай баштады эле, Фридли таштап жиберди. Мыймый жардан ылдый кулады. Беш жашар Клаус жантайма менен тырмышып артынан жөнөп эле, көрүнбөй калды. Үрөйү учкан Фридли жарга кадалып калды.

Фридли: «Клаус! Клаус, тирүүсүңбү? Үнүңдү чыгарчы!»

Жымжырт. Фридли эки жагын карады да, үйүн көздөй чуркап жөнөдү. Сарайга жашынып алып, ыйлап атты. Такыр эле соороно албай койду.

Андан ары эмне болду? Бул тууралуу эмки берүүбүздө билесиңер.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, Майя, Фридли, мугалим, Клаус

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 11:46 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)