Home
Links
Contact
About us
Impressum
Site Map


YouTube Links
App Download


WATERS OF LIFE
WoL AUDIO


عربي
Aymara
Azərbaycanca
Bahasa Indones.
বাংলা
Български
Cebuano
Deutsch
Ελληνικά
English
Español-AM
Español-ES
فارسی
Français
Fulfulde
Gjuha shqipe
Guarani
հայերեն
한국어
עברית
हिन्दी
Italiano
Қазақша
Кыргызча
Македонски
മലയാളം
日本語
O‘zbek
Plattdüütsch
Português
پن٘جابی
Quechua
Română
Русский
Schwyzerdütsch
Srpski/Српски
Slovenščina
Svenska
தமிழ்
Türkçe
Українська
اردو
中文

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 119 (Dani fell 3)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

119. Жардагы Клаус 3


Чоң апа тынчсызданып улам саатты карап жатты. Клаус келип калышы керек эле бул маалда. Ал акырын сыйынды. Бул убакта Майя атасы экөө аны тоодо издеп жүрүштү.

Атасы: «Клаус! Клаус, угуп атасыңбы?»

Майя: «Ата, Фридлинин бул окуяга даана эле тиешеси бар. Мен чуркап барып сурап келейинчи».

Майя кошунаныкына чуркап барып, Фридлини сарайдан тапты. Ал балага олжосун баса калчу жолборстой эле атырылды. Фридли ыйлап аткан.

Майя: «Клаус кайда? Эмне кылдың аны?»

Фридли: «Билбейм… Мен күнөөлүү эмесмин…»

Майя: «Эмнеде күнөөлүү эмессиң? Ал кайда экенин айт, болбосо полиция чакырам!»

Фридли: «Клаус өлдү».

Майянын өңү купкуу болуп кетти. Андан кийин Фридли аны Клаус кулап кеткен жарга ээрчитип барды. Атасы аркан менен жардан ылдый түштү. Клаусту таш секиден тапты. Буту аябай кыйшайып калыптыр.

Атасы: «Клаус тирүү! Сууга кулабаптыр, чөкпөптүр!»

Майя атасы жардан Клаусту көтөрүп чыгып баратканын көрдү. Ал атургай мыймыйды да сактаганга жетишиптир.

Кудай Клаусту сактап калды. Аны ооруканага алып барышты, дарыгерлер болгон аракеттерин жумшашса да, Клаус балдак менен гана баса ала турган болду.

Майя: «Баарына Фридли күнөөлүү!»

Майяныкы туурабы? Ал Фридлини жек көрүп, күндөн күнгө бактысыз болуп баратты. Күн сайын кечинде атасы Библиядан окуп берген сөздөр анын жүрөгүнөн орун таппады. Ыйсанын баарын сүйөрү жана кечирери аны кызыктырган жок.

Аны кечирүү керекпи? Эч качан. Майя өч алгысы келди.

Бир жолу ал кошунанын үйүнүн тепкичинен понинин татынакай сөлөкөтүн көрүп калды. Ага өзгөчө жалы жана такалары жакты. Пони аябай жакшы жасалыптыр.

Майя: «Фридли ушундай жасай алат деп ойлогон да эмесмин. Аа, ал мектептеги скульптура боюнча сынакта жеңишке жетейин деп атса керек. Мен аны жеңдирбейм!»

(Кыз жыгач скульптураны жерге ыргытып, тебелеп жатканы угулат)

Майя скульптураны жерге кулатты да, тебелеп таштады. Пони чамынды болуп чачырап кетти. Жек көрүү кыздын жүрөгүнөн оргуп чыгып атты.

Мындай кылган туура эмес экенин Майя билген. Бирок ал Фридли менден да жаман деп актангысы келди. Ал билгизбей кетип калды.

Андан ары эмне болгонун кийинки берүүбүздө биле алабыз.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, атасы, Майя, Фридли

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on October 12, 2018, at 11:48 AM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)