STORIES for CHILDREN by Sister Farida

(www.wol-children.net)

Search in "Kyrgyz":

Home -- Kyrgyz -- Perform a PLAY -- 038 (A night in jail)

Previous Piece -- Next Piece

Театрлаштырылган пьесалар -- аларды башка балдарга аткарып берсеңер болот!
Театрлаштырылган сценкалар – балдар үчүн коюлат

38. Темир тор артындагы түн


Бул адамдарга эч нерсе жакпай атты. Кабактары түйүлүп, көздөрү ичи тардыкка толуп турду.

1-фарисей: «Буга канчага чейин чыдайбыз?»

2-фарисей: «Сеники туура. Буларга Ыйса тууралуу айтууга тыюу салуу керек».

1-фарисей: «Булар мындай иштерин уланта бере турган болсо, Кудай Ыйсаны тирилткенине баары ишенип калышат».

2-фарисей: «Алардын башчыларын колго түшүрүш керек!»

Булар фарисейлер – дин кызматчылары эле. Бир аз мурдараак алар Ыйсаны айкаш жыгачка кадатышкан. Эми Анын күбөлөрүнүн оозун баскылары келди. Топ эл арасынан кысылышып ийбадаткананын кароолу келди да, Петир менен Жаканды кармашты. Аларды алып кетип, түнү түрмөгө камап коюшту.

Эртең менен суракка алышты:

Сот: «Үгүт-насаат жүргүзгөнгө укугуңар бар деп силерге ким айтты? Аксакты бастырган өңдүү кереметтерди кандайча кылып жатасыңар?»

Петир алардын коркутканын тоготкон жок. Тайманбастан мындай деди:

Петир: «Аксакка жардам бергенибиз үчүн күнөөлөйсүңөрбү? Бул керемет силер айкаш жыгачка кадап салган, а Кудай тирилтип койгон Теңир Ыйсанын ысымы менен жасалды. Ыйса гана элди куткара алат, бүт дүйнө боюнча Андан башка эч ким куткара албайт!»

Соттор Петирдин кайратына таң калышты. Өздөрүнчө калып, аларды эмне кылыш керектигин сүйлөшүп алмакка экөөнү сыртка чыгарышты.

Сот: «Бул адамдарды эмне кылабыз? Аксак басып кеткенин, ачык-айкын болгон фактты жокко чыгара албайбыз. Аны баары көрүштү».

Сот: «Бирок бул туурасында башкалар да угуп калышынын жолун бөгөй алабыз».

Петир менен Жаканды кайра алып киришти.

Сот: «Угуп алгыла, силерге мындан ары Ыйса тууралуу үгүт-насаат кылууга уруксат берилбейт. Түшүндүңөрбү? Бул буйрукту аткарышыңар керек, аткарбай турган болсоңор...»

Петир сотторго мындай деп жооп берди:

Петир: «Биз силерге Кудайдан артык баш иймек белек? Биз унчукпай коё албайбыз. Биз Ыйса менен көп жолу жолугушканбыз, Ал тууралуу башкаларга айтышыбыз керек».

Аларга кайталап эскертип, айтпагыла деп буйрук беришти да, ошондон кийин коё беришти.

Биз Петир менен Жаканга окшоп, Кудайды адамдардан артык угушубуз керек.


Катышуучулар: Айтып берүүчү, эки фарисей, эки сот, Петир

Автордук укук: CEF Germany

www.WoL-Children.net

Page last modified on January 22, 2019, at 02:35 PM | powered by PmWiki (pmwiki-2.3.3)